Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Жетигеновдун Ош шаарына мэр болушунун кандай себептери бар?

Бакыт Жетигеновдун Ош шаарына мэр болушунун кандай себептери бар?

01-декабрь, 12:05
1 174 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Ош шаарына Бакыт Жетигеновдун мэр болушу коомчулукка “жем” таштап, ар кандай талкууларды жаратты. Ал былтыр эле бийликти басып алууга айыпталып, камакка алынган. Көп өтпөй эркиндикке чыгып, анын аракеттеринен кылмыштын белгилери байкалган эмес. Ал эми козголгон иш токтоп турса керек, акталган да жок. Суроо туулат: Бакыт Жетигенов кандай негизде Ош шаарынын мэрлигине секирик жасады? Биринчиден, өкмөт башчы Акылбек Жапаров менен 2010-жылы “Ар-намыс” партиясынан депутат болушкан. Ошондон бери жеке мамилелери бар. Экинчиден, жердеши Канатбек Исаев камакта жатканда, эл көзүнө баланс катары кызмат берилди. Албетте, бул убактылуу көрүнүш. Төбөлдөр Бакыт Жетигеновду жактырып атпаса керек. Тек гана сыноо таризинде “устукан” сунушту. Балким үч-төрт ай өткөндөн кийин чалынтышып, эсебин таап коюшары да ажеп эмес. Калганы тагдырдын жазмышы катары сүрөттөлөт го... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер