Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Баткен кайгысынан кийин губернатор Алимбаев генерал болгусу келгени акылга сыйбайт!

Баткен кайгысынан кийин губернатор Алимбаев генерал болгусу келгени акылга сыйбайт!

29-ноябрь, 19:30
1 338 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Таңгаласың да. Баткен облусунун губернатору Абдикарим Алимбаев соцтармактарга пиарщиктери аркылуу өзүн мактатып атат. “Жылдын мыктысы, генерал алсын!” деген сыяктуу жасалма шөкөттөлгөн сөздөр. Чокусунабы? Быйыл сентябрдагы Баткендеги согушту кантебиз? Алтымыштан ашык жарандарыбыз курман болушту, жаракат алгандары да арбын. Үйлөр, мектеп, бала бакча, социалдык объектилер талкаланды. Оор жоготууларга, кыйроолорго кабылдык. Өзөк өрттөндү. Мына ушундай көрүнүштөн кийин Абдикарим Алимбаев кантип жылдын мыктысы болсун? Генералдыкты суутуп коюптурбу? Эл карап турат да. Жөн эле төш кага бербей, кетирген катачылыктарын тизмектеп, сабак алсын! Же кызматын татыктуу башкаруучуга тапшырып берсин! Уят! Мисалы, бул эргулдун ордунда Саиджан Эратов болгондо, мынчалык жоготууларга учурабайт белек?.. Себеби, бул кадрды профессионал катары бааласак жарашат. Коомчулук да ушундай баа берүүдө. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер