Эми Мадумаров россиячыл позициясын таштап, Батышка карап түздөнөбү?
Башынан эле Адахан Мадумаров Москвага ыктап, ал жактан жардам күтүп келгенин кантебиз? Турган турпаты менен Кремлге азгырылып (!) дегендей. Анан калса, Россиядагы мигранттардан колдоо алууга (дээрлик туугандары Кыргызстанда эмеспи), маал-маалы менен жолугушууларды шылтоолоп, кыдырып кетмей да жайы бар эмес беле? А турмуш жүзүндө ойлогон ойлор оңунан чыга бербейт тура. Жакында эле Адахан Мадумаровдун жакын тарапташы Орозайым Нарматова Россиядан кармалып, Кыргызстанга өткөрүлүп берилди. Ага чейин “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын ашынган богооз мүчөсү Эмил Бекиев да колго түшүп, Бишкекке жөнөтүлгөн. Ошондо бийликти орой сындаган “Бүтүн Кыргызстандын” активдүү мүчөлөрү камакка алынышты. Москва башпаанек берип, же кандайдыр бир колдоого алган жок. Жыйынтыгында, Адахан Мадумаровдун ындыны өчүп, сыртынан сыр билгизбегени менен ичинен күйүп аткандай. Себеби, ишенип жүргөн Кремль колдобой койду. Тескерисинче, кыргыз бийлигинин суроо-талаптарын толук аткарганына күбөбүз. Эми Мадумаров россиячыл позициясын таштап, Батышка карап түздөнөбү?
"Азия Ньюс" гезити