Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азимбек Бекназаров: “Бийликке капамын, бирок оппозицияга өтүү ниетим жок”

Азимбек Бекназаров: “Бийликке капамын, бирок оппозицияга өтүү ниетим жок”

11-октябрь, 09:00
313 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Азимбек ага, уулуңуз Русландан кабар алдыңызбы, өзүңүз жолуктуңузбу?

-- Бүгүн жактоочу менен барганбыз, жактоочу кирип чыкты, мен жолуга албадым. Кабар алганда “абалы жакшы” деди. Эч бир жактан кысым, коркутуу-үркүтүү жагдайы жок экен. Бу жагынан кабатырланбадым. Кечээ жакында соттук териштирүүгө байланыштуу дагы бир кагаз документтер жактоочунун колуна тийди. Ал азырынча сыр бойдон калсын.

-- А өзүңүз оппозиция жээгине өтүү жагын ойлоно элексизби?

-- Андай ой менде жок. Болгону, мени кызматтан алууда “Алдыга коюлган тышкы саясый милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы бекемдөөнү аткара албады” деген бийликтин жүйөсүз сөздөрүнө капамын. Бирок, эки жылдык кызматымда эскертүү, сөгүш же башка жаза алган эмесмин. Ал учурда өкмөткө жүздөй кат жөнөтүп, сунуш айтканым чын. Кызматтан алганына эч бир таарынычым жок. Билесиздер, кызмат колдун кири, бүгүн бар да, эртең жок.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер