Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Путин Елизавета IIнин жаназасына эмнеге чакырылбай калган?

Путин Елизавета IIнин жаназасына эмнеге чакырылбай калган?

14-сентябрь, 19:40
539 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Орусиянын президенти Владимир Путин башында Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIге арналган эскерүү иш-чараларына катышууну пландаган эмес. Бул тууралуу орус лидеринин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

«Президент көңүл айтуу телеграммасын жөнөткөнүн билесиздер, президенттин башынан эле мемориалдык же башка иш-чараларга катышуу планы болгон эмес», - деди Кремлдин басма сөз катчысы.

Ошондой эле Мьянма Улуу Британиянын ханышасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына чакырылган эмес.

Эске салсак, өткөн аптада, 8-сентябрда Букингем сарайы Улуу Британияны 70 жылдан ашык башкарган Елизавета II 96 жашында каза болгонун жарыялаган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер