Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кылмыш иши козголгон министр Бекмурзаев ооруканага түштү

Кылмыш иши козголгон министр Бекмурзаев ооруканага түштү

13-сентябрь, 17:14
320 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маалым болгондой, ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасына жаткырылган.

Бүгүн, 13-сентябрда башкы прокуратура энергетика министри Доскул Бекмурзаевге “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” фактылары боюнча эки кылмыш ишин козгоду.

Маалыматка ылайык, Бекмурзаев 2021-2022-жылдары кызматынан пайдаланып, тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмирлигине, Түркияга, Өзбекстанга жана Россияга кызматтык иш-сапарларга негизсиз жөнөтүп, мамлекетке олутуу материалдык зыян келтирген.

Мындан тышкары, министр "Теплые ключи" ден соолукту чыңдоо комплексинин объектилерин капиталдык оңдоодо "Б" аттуу ЖЧКны 15 миллион сомдон ашык чыгымга учураткан.

Бекмурзаевдин кылмыштуу аракеттеринен улам мамлекетке жана жеке жактарга ири өлчөмдө зыян келтирилгени кошумчаланды.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер