Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бекболот Талгарбеков: «Кыргыз эли президент Садыр Жапаровдун тарыхый чечимине муктаж»

Бекболот Талгарбеков: «Кыргыз эли президент Садыр Жапаровдун тарыхый чечимине муктаж»

09-июнь, 19:30
8 737 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президент Садыр Жапаровдун иштеп жатканына бир жарым жыл болду. Анын бийлигинин күнгөй-тескейи боюнча биз экс-министр Бекболот Талгарбеков менен маек курдук.


-- Бекболот байке, өткөн жылы Садыр Жапаров президенттик жарышта жеңип чыкканда сиз экөөбүз «кийинки жылы анын иштери боюнча маек кылалы» деп макулдаштык эле. Сааты келди го?

-- Кошулам. Аракет жасайлы. Эске салсак, Жапаровдун программасынын өзөгүн «мамлекеттик башкаруу системасын жакшыртам, коррупцияга каршы күрөшөм, Кыргызстанды өнүгүү жолуна салам» деген убадалар түзгөн.

-- Анда мамлекеттик башкаруу маселесинен баштайлы?

-- Макул. Эң оор маселе ушул да. Алгач тарыхка кайрылып, соңку жүз жылдагы мисалдарды көрөлү. 

Россия, 1917-жыл. Монархиялык мамлекеттик башкаруунун күнү бүтүп, Ленин айткандай, «балчыкта жаткан» бийлик большевиктерге өткөн. Алар темирдей тартип орнотуп, натыйжасы зор «индустриялоо» саясатын жүргүзүп, ири державаны – СССРди кура алышты. Сабак: Россияны кризистен мамлекеттик башкаруу системасын түп-тамырынан өзгөрткөн күчтүү партия жана анын көсөм жетекчилери (Ленин, Сталин) сууруп чыгышкан. 

АКШ, 1929-жыл. «Улуу депрессия» атыккан ал жылы АКШ, Батыш Европада өндүрүш 40 пайызга төмөндөп, 300 миллион адам жумушсуз калган. Элде социализмге өтүү маанайы күч алган. Мындай жагдайда Франклин Рузвельт президент болуп шайланат. Анын «жаңы багыт» деп аталган программасына ылайык ондогон миллион жумуш орундары түзүлгөн. Жашыруун кызмат гангстердик бандаларды кырып жоготкон. Сабак: АКШда система сакталып, чыңдалып, улуттук лидердин көсөмдүгү менен кризистен чыгышкан. 

Иран, 1979-жыл. Монархиялык башкаруу ирип-чириген. Коомдо ыйман талкаланган. Жагдайды түшүнгөн диний жетекчилер жаштардын жардамы менен «ислам революциясын» жүзөгө ашырышат. Президенттик башкаруу орнотулган. Батыштын идеологиясы түп-тамырынан кыркылган. Иранда кырк жылдан бери наркотик, ичкилик, сойкулук, адепсиздик жок. Сабак: Ирандагы өзгөрүү – өлкөнүн башкаруу системасын, элдин жашоо образын жаңыча куруунун натыйжасы. 

Россия, 1999-жыл. Өлкөнү олигархтар, криминал башкарчу. Коррупция терең тамырлап, өлкөдө биримдик ыдыраган. Президент Ельцин бул жагдайда бийликти өткөрүп берди. Ал эми Путин кандай иштерди жасады? Өлкөдөгү тартипти, бийликтеги жоопкерчиликти күчтөндүрдү. Чеченстандагы согушту токтотту. Олигарх, криминалды талкалады. Экономикага дем берип, экспорт өстү. Чөк түшүп калган Россия бутуна турду. Сабак: Россияны улуттук лидер жана мамлекеттик башкарууну күчтөндүрүү кризистен алып чыкты. 

Грузия, 2003-жыл. Мурдагы президент Эдуард Шеварднадзе өлкөдө тынчтык орноткон, бирок эл жакырчылык сазынан чыккан эмес. Бул жагдайда жаңы президент Михаил Саакашвили чечкиндүү реформалары менен Грузияны бийик деңгээлге көтөрө алды. Анын алгачкы мөөнөтүндө (2004-2008-жж.) өлкөнүн бюджетинин киреше бөлүгү алты эсеге, товарлардын экспорту үч эсеге көбөйгөн. Орточо айлык сегиз эсеге өскөн. Өлкө коррупциянын деңгээли боюнча 2003-жылы дүйнөдө 124-орунда болчу. Ал эми 2012-жылы 51-орунга көтөрүлгөн. Сабак: президент-реформатор дүйнөлүк деңгээлдеги натыйжа жаратып, андан соң өлкөдө парламенттик башкарууну орнотуп кетти.

Жогорудагы мисалдар көрсөткөндөй, учурундагы ал-акыбалы бүгүнкү Кыргызстандан өтө оор болгон өлкөлөрдө да, эгерде жетекчиликке көсөм лидер келип, мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүп же күчтөндүрүп, өлкөнү өнүгүү жолуна салса болорун тарых тастыктап турат. 

-- Эгемен Кыргызстанга келели… 

-- Эске салсак, 1990-91-жылдары Кыргыз ССРиндеги бийлик коммунисттик партиянын колунда болгон. Бирок, 1991-жылы август айындагы ГКЧП окуясынан соң компартиянын бийлиги токтотулуп, негизги бийлик «легендарлуу парламентке», анын жергиликтүү органдары – облрайсоветтерге өткөн. Ал эми 1993-жылы 5-майда кабыл алынган алгачкы Башмыйзамга ылайык, өлкөдө кош бийлик орнотулган. Андан соң 1994-жылы январь айында жалпы элдик референдум өткөрүлүп, өлкөгө президеттик башкаруу киргизилген. 

-- Анын натыйжасы кандай болду?

-- Мезгил көрсөткөндөй, президенттик башкаруу кыска аралыкта, эгер туура иш жүргүзүлсө, зарыл натыйжа бере алат. Кыргызстанда 1994-2000-жылдары экономика өсүү гана жолунда болгон. Ал эми 2000-жылдан кийин президенттик башкаруунун натыйжасы начарлай баштады. Экинчи президент Курманбек Бакиевдин бийликти тарттырып жибериши да ошол системаны сактап турушунан болду. Ошол убакта кыргыз эли президенттик башкарууну колдобой калды. 

-- Аны түшүнгөн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү «парламенттик башкарууну орнотобуз» деген ураан көтөрүштү... 

-- Туура айтасыз. Бирок 2010-жылы кабыл алынган Башмыйзамда парламентаризмдин жыты да болгон эмес. Аныгында, дүйнө тарыхында биринчи ирет анархиялык башкаруу системасы киргизилген. Анархия идеясы өткөн кылымдын башында Россияда жаралган. Анархисттер «мамлекеттик күчтүү башкаруу зыяндуу, бийлик ар түркүн партияларга, уюм, топторго чачырашы зарыл» деп эсептешкен. Алардын урааны «анархия – мать порядка!» болгон. Ошентип, Кыргызстан 2010-20-жылдары мамлекеттик анархиялык башкаруу системасында жашап-иштеп, өлкөдө башаламан, чакчелекей заман өкүм сүрдү. Саясый коррупция эбегейсиз гүлдөдү. Бир депутаттык орун 300 миңден 1 миллион долларга чейин сатылып калды. Мындай аты «парламенттик», заты «анархиялык» мамлекеттик башкаруу системасынан кыргыз элинин көңүлү үч көчкөн журттай калды. 

-- Аңгыча эки жыл мурдагы Октябрь төңкөрүшү болуп кетти...

-- Ооба. Абактан Ала-Тоо аянтына келгенде Садыр Жапаров өлкөдөгү оор абалга парламенттик башкарууну айыптап, «президенттик башкарууга өтөбүз» деген сөзү жаштарга майдай жакты. 

-- Ошентип, президенттин милдетин аткарып жаткан Жапаровдун жетекчилигинде жаңы Башмыйзам кабыл алынды. Аны кандай бааласак болот?

-- Жакшы жагын алсак, он жыл өкүм сүргөн анархиялык башкарууга чекит коюлду. Экинчи жагын алсак, жаңы Башмыйзам дагы чийки, кудуретсиз документ болуп калды. Аны даярдаган кеңешме мүчөлөрү Садыр Жапаровдун жеке түшүнүктөрүн гана мыйзамдаштырып беришти. 

-- Ал Башмыйзамдын алкагында иштеген президент Садыр Жапаровдун ишмерлигине өтсөк... 

-- Ал үчүн дагы тарыхка көз чаптыралы. Мамлекеттин башына келген лидерлерден реформатор, диктаторлор аз кезигет. Көбүнесе лидерлер прагматиктер жана патерналисттер болуп бөлүнүшөт. «Патерналист лидер» деген ким? Бул түшүнүктү кыргызча «эл багар» деп которсок болот. «Эл багар» мамлекет башчы элди өзүнүн балдарындай карайт. Аларга камкордук көрүп, аларды карап-тескеп, тарбиялоону өзүнүн миссиясы катары эсептейт. Айрым мисал келтирели. Кытай Эл Республикасынын мурдагы төрагасы Мао Цзедун классикалык патерналист болгон. Ага «великий кормчий» деген да наам берилген. Мамлекеттеги бардык иштер анын акылы, түшүнүгү, чечими менен жасалчу. Анын баары «туура» деп эсептелчү. Каяша айткандар жазасын алышчу. Маонун фантазиясы менен Кытайда «маданий революция», «чоң секирик» сыяктуу ири кампаниялар жүргүзүлгөн. Анын «эл багарлык» миссиясынан 25 миллион адам курман болгон. Эл жакырчылык сазынан чыккан эмес. Ал эми Маодон кийинки лидер Дэн Сяопин прагматик болчу. Ал «эл багам» деген эмес, тескерисинче, элге эркиндик, менчик берип, зарыл шарт түзүп, «өзүңөр иштегиле, байыгыла!» деген саясат жүргүзгөн. Анын көсөмдүгү менен  Кытай алп өлкөгө айланды. Дагы мисал. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов да патерналист лидер болгон. Анын «эл багар» башкаруусунда газ байлыгы зор өлкөдө азык-түлүк тартыш болуп, карточка менен берилчү. Тилекке каршы, биздин президентибиз Садыр Жапаров да патерналист лидер. Кыргыз элин өз балдарындай санап, «алар курсагы ток, кийими бүтүн болсо экен» деп иштеп жатат. Өлкө өнүгүш үчүн элдин өзүнүн, мамлекеттик институттардын мыкты иштеши зарылдыгын түшүнө албайт. Акылбек Жапаров таамай айткандай, Садыр Жапаровдун оюна эмне келсе, түн ортосу болсо да «тык» этип телефонго тапшырма келип түшөт. 

-- Облус, район жетекчилерин өзү тандап, аларга ишеним артып, аракет жасап жатат го?

-- Прагматик жетекчилер ишкерлерге таянышат. Патерналист жетекчилер чиновниктерге ишенишет. Кыргызстанда акимчилик институту алгачкы 10-15 жылда өзүн актаган. Өлкө рынок экономикасына өткөндөн бери ал институт эскирди. Садыр Жапаров ошол чабал институтка ставка кылып иш алып барууда. 

-- Акимчилик институтун жоюш керек беле?

-- Реформатор лидер ишти ошондон баштамак. Буга көсөмдүктүн зарылдыгы жок. Сунуш эбактан бери айтылып келатат. 

-- Кандай сунуш?

-- Бизде совет доорунан калган төрт деңгээлдүү башкаруу бар. «Өлкө, облус, район, айыл өкмөтү» деген. Үч деңгээлдүү башкарууга өтүш керек болчу. Облус, райондор жоюлушу зарыл. Бишкек, Ош шаарлары жана алардан тышкары он төрт дубан уюштурса болот. Айыл өкмөттөр ирилештирилип, ошолор анык жергиликтүү бийликке айланышса, аларга башкаруу, салык жыйноо ж.б. укуктар толук берилсе, анда аймактар натыйжалуу өнүгүү жолуна түшүшмөк. 

-- Бийлик жакында мугалим, врачтардын айлыктарын көтөрдү. Президентти колдогондор «жылыш бар» деп жатышпайбы? 

-Садыр Жапаров башкарган бир жарым жылдын формуласы кандай? Образдуу айтсак, бийлик элдин, өлкөнүн маселелерин арифметикалык прогрессия менен  чечип келе жатат. Ал эми элдин, өлкөнүн көйгөйлөрү геометриялык прогрессия менен тынымсыз өсүп келүүдө. Бул кашкайган чындыкты президентти мактап-жактагандарга миң айтып да түшүндүрө албайсың. Анүстүнө айлыкты көбөйтүү – социализм доорунда маанилүү эле. Анткени, иштеген калктын токсон пайыздан ашыгы айлык менен жашачу. Учурда мамлекеттен айлык алып жашагандар канча пайызды түзөт?

-- Бийлик «бир топ ири долбоорлорду ишке ашырабыз» деп жатат. Мисалы, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун, «Камбар-Ата-1» ГЭСин, «Асман» шаарын куруу, Жетим-Тоо кенин иштетүү, казино ачуу сыяктуу. Ал эми Акылбек Жапаров «Кумтөр кенин өзүбүзгө алып, утушка ээ болдук» деп кабарлады...

-- Ошол кенден баштайлы. Албетте, азыркы өкмөт утушка ээ болду. Анткени, кыска аралыкта (3-5 жыл) Кумтөр кенин өзүбүз иштетип, бюджетти көбүрөөк толтурууга мүмкүнчүлүк ачылат. Бирок, кыргыз эли «Центерра» компаниясы менен түзүлгөн соңку келишимден зор утулушта калды. Биринчиден, узак убакыт (30-40 жыл) биз «Центеррадагы» 26 пайыз үлүшүбүздөн пайда көрүп турмакпыз. Келишимге ылайык ал үлүштөн куржалак калдык. Экинчиден, экологияга келтирилген зыян (3,5 миллиард доллар) кийинки муундун, бийликтин мойнуна жүктөлүп калды. Бул келишим чыккынчылык болгонун жакынкы эле келечек тастыктап берет.

-- Ири долбоорлордун тагдыры кандай болот?

-- Темир жолду көрөлү. Прагматик бийлик ар бир долбоорду ишке ашырууда аны курууга кеткен чыгымдын акталышына, андан кийин кирешелүү иштешине көңүл бөлөт. Тилекке каршы, Кыргызстанда андай эсеп-чот болбойт. Аталган жолду куруу Кытайга абдан пайдалуу. Себеби, экспорттой турган товарлары абдан көп. Ал эми Кыргызстан Европага кайсы товарларын экспорттойт? Аны эсептеген жан жок. Болгону «транзиттен ижара акысына жылына 200 миллион доллар алабыз» деген жүйөө менен миңдеген гектар жерибизди темир жол курууга өткөргөнү жатабыз. Айтмакчы, ал жолдун курулушу деле бүдөмүк. Каражат булагы али чечиле элек.

-- Бирок, Акылбек Жапаров «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушун жакында баштайбыз. Аны 2-3 жылда бүтүрөбүз. Башталышына акча табабыз. Андан соң Казакстан, Өзбекстанды да кошобуз» деп жарыя кылды го?

-- Ал боюнча энергетика эксперти Расул Үмбөталиев «Акылбек Жапаров – сыйкырчы жана жомокчу» деп жооп кайтарды. Анын айтуусунда, эгерде долбоордун негизги маселелери (ТЭО, жер, каражат, техника, кадр) өз учурунда чечилсе, анда анын курулуп бүтүшүнүн кыска мөөнөтү 7-8 жыл. Ал маселелер убагында чечилерине эч кепилдик жок. Ошондой эле Үмбөталиев ал долбоорго Казакстан жана Өзбекстанды кошууга каршы. «Келечекте ири чыр-чатактын чордону болот» деп эсептейт. 

-- «Асман» шаарын куруу жана казино ачуу кандай болот?

-- Ал кесепеттүү долбоорлорду талдабай деле койсок болот. 

-- Жетим-Тоо кен добооручу?

-- Ал да жомок. Кумтөрдүн кейиштүү экологиялык абалынан кийин нарындыктар ал жерге жан адамды жолотушпайт. 

-- Анда өлкө экономикасынын келечеги бүдөмүк го?

-- Кыргызстандын учурдагы экономикасы «инерциялык экономика» деп аталат. Чакан жана орто бизнес, айыл жериндеги эркин чарбачылык, Кумтөр жана башка алтын кендерин иштетүү, мигранттардын акча которуусу жана чет жактан карыз алмай – мына Кыргызстандын экономикасы. Кабмин башчысы Акылбек Жапаровдун олуттуу, инновациялык экономикалык программасы жок. Болгон аракети эптеп бюджетке акча топтомой болуп жатат.

-- Садыр Жапаровдун коррупцияга каршы күрөшү кандай ишке ашууда? 

-- Кыргызстандагы коррупцияны дүркүрөп өскөн даракка салыштырсак, анда алгач УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев анын бутактарын аёосуз эле кыркты. Бирок ал бир бутагын кыркса, анын ордуна эки-үчөө өсүп чыгып жатпайбы! Анткени Садыр Жапаров түптөгөн мамлекеттик системанын «төрүндө» ишкерлер эмес, чиновниктер отурушат. Алар коррупциясыз иштеп-жашай албай калышты. Президент дайындаган жетекчилерди чекесинен кармап эле камай берсе болот. Кыргызстан 2020-жылы коррупциянын деңгээли боюнча дүйнөлүк рейтингде 124-орунда болчу. Садыр Жапаровдун бир жылдык күрөшүнүн натыйжасында 144-орунга түштүк. Орустар айткандай «судите сами!». 

-- Сот системасында өзгөрүү барбы?

-- Жарым карыш жылыш болбоду. 

-- Садыр Жапаров менен жеке мамилеңиз кандай?

-- Ал менин аяш иним болот. Шакиртим Камчыбек Ташиевдин досу. Садыр иним депутат кезинде далай жолу бирге болгонбуз. Сый-урмат мамиледебиз. Адамгерчиликтүү, шар жүргөн жигит. 

-- Ал президент болгон соң байланыш барбы? 

-- Президент болуп шайланганда телефон чалып куттуктагам. Быйыл жолугушуп, жакшы маанайда чай ичтик. 

-- Бийликтеги эки доско кеңеш айтып турасызбы? 

-- Бир жолу айткам. Андан кийин айткан жокмун. 

-- Качан? Кандай кеңеш айттыңыз эле?

-- Бир жарым жыл мурда, президенттик шайлоо жарыяланганда. Шакиртим Камчыбек экөөбүз жолугуп кер-мур айтышып калдык. Ал «мен Садыр досумду президент кылам» деди. Мен айттым, «абдан жаңыласың, аны оттон (абактан) алып, чокко (президенттикке) салып жатасың» деп. «Эмне үчүн?» дейт. «Анткени досуң өмүрүндө бир чакан коллектив жетектеп көрбөгөн, өлкө башчылыкка даяр эмес, билим жана тажрыйбасы жетишсиз, уят болосуңар» дедим. Шакиртим көнбөдү. Ошондон кийин эки достун мамлекеттик ишине эч кийлигишпедим. 

-- Шакиртиңиз эмне кылыш керек эле?

-- Абактан жаңы эле чыккан досун аяп, сактап, оор жоопкерчиликти өзү алса болмок. Ал деле президент болуп шайланмак. Акимчиликте, министр, фракция жетекчиси болуп иштеп, тажрыйбасы досуна караганда жүз эсе бай болчу да. 

-- Ташиев президент болуп калса, анда өлкө өнүгүү жолуна түшөт беле?

-- Аны божомолдой албайм. Билгеним, ал Акылбек Жапаров, Бөлтүрүк, Ширшов сыяктуу адамдарды өзүнө жолотпойт болчу. Ошондой эле Кумтөр кени боюнча чыккынчылык келишим түздүрмөк эмес. 

-- Байке, маегибизден кандай жыйынтык чыгарсак болот?

-- Кыргыз элинде Октябрь төңкөрүшүнөн кийин «эми өнүгүү жолуна түшөбүз» деген зор үмүт жаралган. Эмне болду? Эки жылдан бери эч жылыш жок. Экономика оор абалда. Товарлардын импорту алардын экспортунан үч эсеге көп. Тышкы карыз алуу уланууда. Жакырчылык, кымбатчылык терең тамырлады. Мамлекеттик институттар чабал, коррупциялашкан. Коом бөлүнүп-жарылып, деградацияга учурады. Жаштардын максатын сурасаң жарымы чет өлкөгө кеткенге, жарымы мамлекеттик кызматтарда иштегенге жол издеп жүрүшөт. Президент Садыр Жапаров бир жарым жылдан бери өзүнүн дүйнөтаанымы, түшүнүгү менен куруп жаткан мамлекет кыргыз элине жакшылык алып келбейт. Өлкө өнүгүү жолуна түшпөйт. Образдуу айтып, эгер Кыргызстандын жашоосун улуу дарыяга салыштырсак, анда аны жакшы агызбай бир зор кара таш бөгөп турат. Ал кара таш – Садыр Жапаровдун патерналисттик саясаты, пайдасынан кесепети көп иш-аракеттери.

-- Садыр Жапаров кандай кадам жасаш керек?

-- Эгер ал жагдайды туура түшүнсө, анда келе жаткан 31-август эгемендик күнү жалпы элге кайрылып, «колуман келишинче аракетимди жасадым, эми өз ыктыярым менен отставкага кеттим» десе, анда бул тарыхый чечим болмок! Кыргыз элине, мамлекетине зор жакшылык жасамак! Мен Садыр Жапаровдун келечекте арабызда ээн-эркин, башын бийик көтөрүп басып, жашап жүрүүсүн чын дилимден каалайм.

-- Президент андай чечимди кабыл ала алабы?

-Патерналист лидер үчүн бул трагедияга барабар чечим. «Мен элимди багайын деп күнү-түнү жандалбас уруп иштеп жатпаймынбы!» деген ишеними мээсине терең сиңип калат. Кытай эли Маодон ал өлгөндө гана кутулушкан. Ал эми биздин президент Садыр Жапаров терең ойлоноор. Үмүт кылалы. Кыргыз элине ал куруп жаткан эмес, башка Кыргызстан керек.

-- Кандай Кыргызстан?

-- Эгер күзүндө президенттик жаңы шайлоо өтө турган болсо, анда талапкерлер өз программаларын сунушташат. Кыргыз эли учурда өлкөнү өнүгүү жолуна сала ала турган мамлекет башчысын тандап алууга даяр болуп калды.

-- Отуз жылдык тажрыйба көрсөткөндөй, президенттерди кошоматчылары аңга түртүп келатышат. Сиз ачуу чындык айтканга аракет жасадыңыз. Бийлик саясатын, иш-аракетин бир сыйра карап чыгаар. Бар болуңуз, байке!

- Рахмат иним.


Асланбек Сартбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер