Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Россиянын армиясынын жоготуулары 30 миңден ашты

Россиянын армиясынын жоготуулары 30 миңден ашты

30-май, 17:16
2 023 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы 30-майдагы билдирүүсүндө Россиянын аскердик жоготуулары 30 миң 300гө жеткенин маалымдады. Киев буга чейин ырастагандай, өлгөндөр, жараат алгандар жана колго түшкөндөр кошо саналат.

Мекеме мындан сырткары Россиянын 207 учагы, 174 тик учагы, 1349 танкы, 3282 чопкутталган транспорту, 2258 автоунаасы жана цистернасы, 643 артиллериялык системасы, 205 ракета менен атуучу системасы (РСЗО), 507 учкучсуз учуучу ыкчам-тактикалык аппараты, 13 кемеси/катерлери, 93 абадан коргонуу системасы, 48 атайын техникасы жок кылынганын кабарлады.

Россиянын коргоо министрлиги ушул күнгө чейин украин тараптын 183 учагын, 128 тик учагын, 1064 учкучсуз учуучу аппаратын, 325 зениттик-ракеталык комплексин, 3323 танкын жана башка чопкутталган автоунаасын, 451 ракета менен атуучу системасын, 1731 талаа артиллериясын жана минометторун, 3294 атайын аскердик автомобилин жарактан чыгаранын маалымдады.

Россия согуштагы өзүнүн жоготуулары тууралуу эки жолу гана маалымат берген. Акыркы жолу 25-мартта орус жоокерлеринин арасында каза болгондордун саны 1351 экенин тактаган. Андан беркилерди тактай элек.

Согуш маалында кагылышкан тараптар адатта өздөрүнүн жоготууларын азайтып, каршылаш тараптыкын көбөйтүп көрсөтүшөт. Эки тараптын маалыматтарын көз карандысыз булактардан текшерип, ырастоо азырынча мүмкүн эмес.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер