“Альянс” партиясынан кылмышка шектүүлөр дагы чыга баштаса, таңгалбай эле койгула
“Альянс” партиясынан мандатка ээ болгон Токтобүбү Оргалчанын деңгээли ХХ кылымдын башындагы “агартуучулардай” экен. Сүйлөсө диалектиси кулакка жагымсыз угулуп, орус тилинен кирген эң оңой сөздөрдү туура айта албаганы байкалды. Билими, тажрыйбасы пас окшойт. Анан калса күйөөсү экөө алдамчылыкка шектелип (Элмира Сапарова аттуу аял арызданып), артынан айыптоолор чууруй баштаганы эмнеден кабар берет? “Альянстын” атаманы Алтынбек Сулайманов коммерсант аялдын акчасына эле кызыгып, катарына кошуп алганбы? Мынчалык деңгээлге түшпөш керек эле да. Өздөрү “балээни” жармаштырып алышат дагы, анан күнөөнү бийликтен издешет. Кичине арыдан бери болушпайбы? БШК мыйзамга ылайык аялдардын квотасын пайыздык өлчөмдө санап, ырааттуу негизде эле Токтобүбү Оргалчага мандатын ыйгарыптыр. Бул факты экенин жарыялашты го, дагы кайда барабыз? Негизи “Альянс” партиясынан кылмышка шектүүлөр дагы чыга баштаса, таңгалбай эле койгула. “Балык башынан сасыйт” дечү беле?
"Азия Ньюс" гезити