Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тараза ташы ооп, Темир Сариевди эл колдой баштады

Тараза ташы ооп, Темир Сариевди эл колдой баштады

16-февраль, 23:14
1 346 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өлкөдө парламенттик шайлоо жакындаган сайын саясатчылар дагы, эл дагы жанданып баштады. Айрыкча карапайым калктын “бул ирет акыл калчап тандоо жүргүзөбүз” дегени жакшы жышаан катары бааланууда. 


“Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” демекчи, элдин дагы көзү ачылып бүттү. 2010-жылдан берки эки чакырылышта тең жалаң капчыктууларга азгырылып, аларды шайлап келишсе, эми алардан майнап чыкпаганына ынанып, “бул жолу өлкөнүн келечегин акча менен эмес, акыл менен тандап, билимдүү, ишбилги лидерлер баштаган партияларга добуш беребиз” деп айтып жатышканы кубантууда. Албетте, аламан жарышта күчтүү саяпкердин тулпары марага биринчи болуп келет эмеспи. Шайлоодо башкы саяпкер – эл, демек, карапайым калк өз келечегин өзү татыктуу тандап алары турган иш. 

Ал эми бүгүнкү күндө парламенттик шайлоо жакындаган сайын саясаттын казаны кайнап, шайлоонун шаңы башталып кетти. Айрыкча бийликке ыктаган талапкерлер эмитен эле ымалашып, белгисиз партиянын тегерегине бириге башташты. Кээ бир партия лидерлери “бизди бийлик колдойт” таризинде кеп таратып, кошоматтын коюн союп келишет. Электораты жок, көчөдөн эле бир партияны алып чыгып, бийликтин таасири менен өткөрүп алышабы? Аларга ыктап, жандалбастап жаткан саясатчыларды, учурдагы депутаттарды карап көрсөк, баары эле азоо, кашаң аттардай. Алар мекен жүгүн татыктуу көтөрө алышабы? Бул жагынан алганда эл аларга иренжип турганы жашыруун эмес. Ошондуктан, эл өзү татыктуу тулпарды таптап чыкканы калды. 

Учурда карапайым калк арасында “Ак Шумкар” саясый партиясынын лидери Темир Сариевдин ысымы байма-бай айтылып, төгөрөгү төп келген саясатчы катары бааланууда. Калк арасында анын депутат, министр, премьер-министр болуп тургандагы аткарган иштерине саресеп салынып, “ушундай мекенчил, ишбилги инсанды колдойбуз” деген кептер кызуу жүрүүдө. Ооба, демилгелүү, сергек саясатчы Темир Сариевди колдоого неге болбосун? Сариев инсан катары да, жетекчи катары да өзүн мыкты деңгээлде көрсөтө алган. Аламан алдында жалындуу колдоо байкалууда. “Калк айтса калп айтпайт” демекчи, эл кимдин ким экенин таразалап, татыктуу лидерге жөн жерден токтолуп жатпаса керек да, туурабы? Көпчүлүк да кимдин ким экенин түшүнүп калды...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер