Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адил Турдукулов, саясатчы: “Атамбаев түрмөдө китеп жазып жатат”

Адил Турдукулов, саясатчы: “Атамбаев түрмөдө китеп жазып жатат”

13-февраль, 14:51
1 292 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- 2-мартта Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыга турганы болжонууда. Бийликке нааразы болгон башка күчтөр да кошулуп кетпейби? Бул нааразычылык акциясынан кооптоно турган жагдайлар барбы?

-- Биринчиден, биз баарыбыз Садыр Жапаровдун саясый туткун экенин таанып-билишибиз керек. Анткени, ал мурунку бийликти абдан курч сөз далилдер менен сындаганы үчүн куугунтукталып, сыртка чыгууга мажбур болуп, акырында камалды. Садыр Жапаров менен катар анын жакын туугандарын ур-токмокко алынганы да саясый куугунтуктун белгиси болгон. Эстейли... Мен өзүм КСДПнын өкүлү болсом дагы, ар дайым ошол убакта абакта отурган Өмүрбек Текебаевдин, Садыр Жапаровдун бошотулушун талап кылып, митингдерди да уюштуруп келгем. Ал үчүн партиянын башка мүчөлөрү өз нааразычылыгын айтып, Алмазбек Атамбаевге даттанганы да эсимде. Ошондуктан Жапаровдун тарапташтары “жаңы бийлик келсе Садыр бошотулат” деп ишенишкен. Бирок, андай болгон жок. Анткени, укук коргоо органдары, соттор баягыдай эле Акүйдү карап отурушат... Оппозициялык күчтүү саясатчылар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев жалган көрсөтмөлөр менен камалышты. Текебаевдин сотун шылтоолоп созуп жатышат. Бабановду болсо коркутуп, саясаттан кетиришти. Ошону менен катар журналисттерди сабап жатканы, көз карандысыз “Азия Ньюс”, “Ачык саясат” гезиттерин миллиондогон доо менен сотко бергени да саясый талааны тазалоонун ыкмасы... 

Натыйжада, Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыгуудан башка жолу жок. Бийлик бир гана митингге көңүл бурганы да өкүнүчтүү. Бирок, биз бир эле саясый туткундун абактан чыгуусун гана айтпастан, системалык соттук-укуктук реформаларды, коррупция менен реалдуу күрөштү талап кылышыбыз керек. Ошондуктан мен саясый туткундарды бошотуу кыймылы үстүндө иштеп жатам. Жакында ишибизди баштайбыз.

-- Кой-Таш окуясы боюнча тергөө иштери эмнеге созулуп келатышы мүмкүн? ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиев бул жагынан упай алып, атайын эле “татаалдаштырган оюн” жасап, кызматында калуунун аракетин кылып аткан жокпу?

-- Укук коргоо органдары, ИИМ баш болуп күнөөнү Атамбаевге жана анын тарапташтарына оодарганга аракет кылып жатышат. Азыркы учурда бул олуттуу саясый окуяга баа берүү мүмкүн эмес. Буга убакыт керек, тарых өз баасын берет. Дагы баса айтып кетейин, бул башынан бери саясый иш. Укуктук талаанын алкагында биринчи кезекте мыйзамсыз чабуулга буйрук берген кызматтардын башчыларынын жоопкерчилиги каралышы керек.  

-- КСДПда ички биримдик кандай? Сага карата чабуулдарды кээде байкап калабыз, азыр тынч элеби?

-- Мен КСДП менен сыймыктанам, 2004-жылдан бери мүчөмүн. Бул партияда азыркыга чейин мүчө болуп, андан кетпеген КСДПчылар – накта фанаттар. Ушул партияны түптөп, негиздеген экс-президент Алмазбек Атамбаев да, мен анын балдары Сеид менен Кадырга сын-пикиримди партиянын келечеги үчүн күйгөнүмдөн айтып жатам. Анткени алар КСДПчыларды бөлбөй, тескерисинче,  партиянын мүчөлөрүн бир муштум кылууга аракет жасашы керек. Алар мындан туура тыянак чыгарат го (!) деп ишенем. Бирок, учурда партиянын ичинде эмне болуп жатканынан маалыматтым жок. Мага кабарлаган да эч ким жок... 

-- Камактагы Алмазбек Атамбаев менен кабарлашкан жоксуңбу? Анын саясатка болгон көз карашы, духу кандай?

-- Атамбаев азыр китеп жазып жатканы маалым. Аны менен жолукканга (чектелген убакытка) адвокатка жана жакын туугандарына гана мүмкүнчүлүк берилген. Алардын сөзү боюнча Атамбаевдин духу күчтүү. Мен буга ишенем, анткени, Атамбаев үчүн өзүнүн акыбалы эмес, мекендин келечеги, тарыхта анын аты кандай жазылары алда канча маанилүү.


Асланбек Сартбаев

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер