Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мамлекеттик катчылыкты эптей албаган Чолпонбек Абыкеев иштен алынабы?

Мамлекеттик катчылыкты эптей албаган Чолпонбек Абыкеев иштен алынабы?

07-октябрь, 16:27
1 806 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Кызыл көйнөкчөн келинди” жазган бульвардык адабияттын өкүлү Чолпонбек Абыкеев коомчулукту эки жолу шок кылды. Кошоматчылык ушунчалык бийиктикке жеткиздиби? Биринчиси, мамлекеттик катчы болуп, экинчиси, Кыргыз эл жазуучусу наамын алып. Интеллигенцияны атайылап ыйлатышкандай образга кептешти. Таңгаласың. Башынан элдин назары сынса, татыксыз экенин көпчүлүк айтып атса, аягы кандай бүтмөк эле? Аныгында, биз болжогондой “картина” уланууда. Чолпонбек Абыкеев иш жүзүндө идеологиянын “и” тамгасын түшүнбөй, чалынып-чулунуп жатып калыптыр. Милдетин аткара албай кадр саясатына башын тыгып, сукулдап атканы эмнеси? “Кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет” дегендей, тойбой жатабы? Ушундай суроолор жаралууда. Анан калса, жогорку жетекчилик деле Абыкеевдин алы эмнеге жетеринен кабар алганы кубандырды. Адатынча ары-бери урунуп жүргүчө, баштапкы идеологиянын концепциясын президенттик аппараттын бөлүм башчысы Кудайберген Базарбаев жазып салып, уят кылыптыр. Ошону менен иш тамам болууда. Жакында Чолпонбек иштен алынып, чокоюн сүйрөп кетери боюнча каңшаар тарады... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер