Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Иса Өмүркулов:“Мен аягына чейин КСДПнын лидери боюнча калам”

Иса Өмүркулов:“Мен аягына чейин КСДПнын лидери боюнча калам”

06-февраль, 18:21
1 125 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Иса Шейшенкулович, айрым депутаттарда коалициянын жыйынынын протоколу жүрөт. Жыйында эмне маселе каралды?

-- Коалициянын жыйыны болгон жок. Жыйын болбосо, кайдагы протокол? Жыйын болсо, мен билмекмин да. 

-- Депутат Абдылдаев сизге карата “коалициядан чык, коалиция тарасын, өкмөт отставкага кетсин” деп жатат...

-- Коалицияны таратууга азыр эч кандай негиз жок. Биргеликте иш жүрүп жатат.

-- Парламенттик шайлоого катышасызбы жана кайсы партиянын катарында? 

-- Азырынча бул тууралуу ойлоно да элекмин. Пландар жок. Шайлоого чейин дагы убакыт бар. Мен үчүн баарынан өлкөнүн туруктуулугу маанилүү. Күздө өтчү шайлоо өтө маанилүү саясый окуя. Жаңы парламент, ага жаңы депутаттарды шайлайбыз. Шайлоону тынч, мыйзамдуу өткөрүп алууга тилектешмин. 

Ал эми өзүмдүн жеке пландарымды да азырынча билбей турам, чечим кабыл ала элекмин. Убакыт жакындай берсин, көрөбүз. Азыр болсо КСДП фракциясынын лидери катары, депутат катары ишмердигимди улантып жатам. Аягына чейин лидер бойдон калам. 

-- КСДП шайлоого барабы?

-- Шайлоо жакындай берсин, убакыт көргөзөт... 


Динар Турдугулова

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер