Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сүйүн Өмүрзаков, Алтынбек Сулайманов жана Азиз Турсунбаевге жашыл жарык күйгөндө

Сүйүн Өмүрзаков, Алтынбек Сулайманов жана Азиз Турсунбаевге жашыл жарык күйгөндө

23-август, 08:45
1 866 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Айрым камалган саясатчылар оппоненттерине жол ачып бергенин баамдап атабыз. Парламенттик шайлоого карай партиялык жана бир мандаттуу округдардан таанымал талапкерлердин тапталып атканы жашыруун эмес. Учурда абройлуулар, капчыктуулар, ак-карасы тең аламанга ат койчудай... 

Мисалы, Асылбек Жээнбековдун камалышы менен Кара-Кулжа аймагынан генерал Сүйүн Өмүрзаковго тең келчү күчтүү атаандаш деле чыкпайт. Каарманыбыз азырынча ИИМдин 1-орун басары. Саналуу күндөрдөн соң кызматын өткөрүп берип, элдин элегинен өтмөкчү. Депутат болуп келүүгө толук шансы бар.

Ноокат районунда ар тарабынан тамырлашып алган Төрөбай Зулпукаров түрмөдө отургандан кийин, анын каршылашы Алтынбек Сулаймановго жашыл жарык күйдү. Буга чейин Алтыкеге кысымдар болуп келсе, эми кичи мекенинен ээн-эркин басып, добуш жыйнагандан ыдык көрбөйт, административдик ресурска кабылбайт.

Ал эми Ала-Бука, Чаткалдан Акаев доорунан бери Азиз Турсунбаев бир мандаттуу округдан чыгып, эч кимге ээ берчү эмес. 2010-жылдан тарта өзүнүн кадры, олигарх Исхак Пирматов каршылашып калганы, устатына акчанын күчү менен таасир жаратканы ырас. Ошондо да Азиз Турсунбаев эл арасындагы кадыр-баркына салып, андан бир сөөм өйдө туруп, добуш алууда ашып кетчү. Эми Исхак Пирматов камалып чыккандан кийин шайлоого катыша албай калды. Даңгыр жол ачылганын элестетип атсаңар керек...


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер