Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » ИИМ Клара Сооронкулованы суракка чакырды

ИИМ Клара Сооронкулованы суракка чакырды

22-июнь, 12:04
1 087 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ички иштер министрлиги “Реформа” саясый партиясынын лидери Клара Сооронкулованы суракка чакырды. Бул тууралуу саясатчы “Азаттыкка билдирип, 23-июнда ИИМдин тергөө кызматына бара турганын айтты. Ага ылайык, Сооронкулова сурак октябрь окуяларына байланыштуу болушу ыктымал деп боолголойт.

“5-6-октябрдагы окуялардын бардыгына катышып жүрдүм. Менин божомолум боюнча, октябрь окуялары тууралуу сурайт. 6-октябрды сурай турган болсо, “Достук мейманканасында депутаттарды жетелеп келип, Садыр Жапаровду премьер-министр шайлаганын айтам. Менин баамымда, 6-октябрда мамлекеттик төңкөрүш орун алган. 5-октябрда көчөгө чыккандар шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган. Аны пайдаланган айрым күчтөр 6-октябрда мамлекеттик төңкөрүш кылып, бийликке келишти”.

ИИМ буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер