Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Данияр Рыскулов ким? Кара-Суу РИИБ жетекчиге жарыбай койду

Данияр Рыскулов ким? Кара-Суу РИИБ жетекчиге жарыбай койду

14-март, 20:41
2 095 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман” дейт. Анын сыңарындай, кандай жагдай болбосун, реалдуулукту көрүүгө кадам салуу парз. Мисалы, Данияр Рыскулов Бишкек ШИИБ орун басары катары иштей албай, кызматынан кол жууганын эстебейлиби? Бир жагынан “кычкыл суу” да кедергисин тийгизгенби? Буга чейин өзүн көрсөтө албаган кадрды Кара-Суу РИИБ начальнигине дайындашканы таңгалдырууда. Жоопкерчиликти сезбеген, дайыма жетекчиликтен сын уккан адамга кандай баа бересиңер? Эгерде Данияр Рыскулов жакшы иштей алса, Бишкек шаарынан эле ийгилик жаратмак да. Эми элинин саны арбын Кара-Суу районуна барыптыр, ротация шылтоосу менен. А жердеги мурдагы начальниктер орой катачылыктарды кетиришип, жумуштан айдалышкан эле. Ансыз да Ош ОИИБ башчысы Нурланбек Бурканов тескери сөз ээрчитип, “сөгүштөн” башы кутулбай атканда, огобетер кошул-ташыл болот тура...    


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер