Мирлан Батыровго иштеген мыйзам Дамирбек Исаковду кыйгап өттүбү?

Ош ШИИБ начальниги Дамирбек Исаковдун бир тууган иниси Нурбек Абакиров Октябрь райондук салык башкармалыгын жетектеп туруп, ири коррупциялык ишке айыпталып, камалып кетти. Коомчулукта резонанс жаралып, чоң талкууга жем таштады. Мындай шартта агасынын күч органын жетектөөгө эч кандай акысы жок. Мыйзамдык, моралдык жагынан да туура келбейт. Эмне үчүн анда Дамирбек Исаков Ош ШИИБден кетпей, тырмышып отурат? Жогорку жетекчилик баа бериши керек да. Эске салсак, Кара-Суу районунун акиминин орун басары Улан Батыров коррупцияга айыпталып, камалып кеткен. Көп узабай агасы Мирлан Батыров Жалал-Абад ШИИБ жетекчилигинен айдалган эле. Бул көрүнүш өткөн сентябрь айында орун алган. Кызык, анан Дамирбек Исаковго келгенде мыйзам кыйгап өтөбү? Эл карап турбайбы. Же абаларга таянып алып эле тайраңдай береби?
"Азия Ньюс" гезити