Министр Улан Ниязбековго депутат Айсулуунун тийишкенинде мандем барбы?

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашованын логикасы боюнча министр Улан Ниязбеков отставкага кетип, Айзаданын окуясына карай шалаакылыкка жол берген 44 кызматкерди сактап калышы керек экен. Баракелде! Кичине акыл чөйчөгүн кеңейтип, ой жүгүртсө не? Же жөн гана тийишип калуу кербезиби? ИИМ системасындагы ички иликтөө, кызматтык тартип, эрежелердин негизинде чечим чыкты да. Министр адатта баарынын башында туруп, калыстык иретинде анализдеп, ырааттуу чечимди кабыл алганга батынды. Ооба, күтүүсүздөн каргашалуу окуя болуп кетти. Ошого жараша милиция кызматкерлерин жазалоо иштери мыйзам алкагында жүргөнүнө ынандык. Мындан ары баарына сабак болсун! Ал эми министрдин кызматтан кетүүсүнө эч кандай негиз жок. Баса, ошол каргашалуу күндөрдө Улан Ниязбеков чет жерде командировкада жүргөнүн эске сала кетмекчибиз. Айрым бейөкмөтчүлөр, активисттер да ушул жааттан чектен чыгышып, бирөөнүн кайгысын саясатка аралаштыруу менен “заказдарды” ашкере аткаргандары таңгалдырат.
"Азия Ньюс" гезити