Министр Кашкар Жунушалиевден оомат кетип, иши жүрүшпөй калганы байкалууда
Аз күн мурун ИИМ жетекчилиги тарабынан чүйлүктөргө арналган көк бөрү оюну уюштурулуп, бирок максатына жетпегени каңкууланды. Алтымыш команда чогулуп, алагүү тарта улак тартышып эле таркап кетишкени кандай? Мындай иш-чаранын идеологиясы болбосо, элди ынтымакка, биримдикке чакырбаса, анда эмне кереги бар уюштуруп? Жөн эле акча коротуп, жасалма жарнама кылышып, “шишип бараткан ириңди” жымсалдап коюунун арты жакшы эмес да, туурабы? Эмне үчүн министр Кашкар Жунушалиев ошол жерге барып, жаштарга акыл-насаатын айтып, көпчүлүккө дух берген жок? Мындай иш-чараларга жогорку жетекчиликтен катышып коюшса карапайым адамдарга ишеним жаралып, бийликтин элге жакын экенине ыраазы болушмак да. Эң жөнөкөй гана иштердин өтөөсүнө чыга албай отурушса, башканы айтып не кыласыңар? Оомат кеткенде адамдын иши жүрүшпөй калган сымал, мындан ары деле Кашкар Жунушалиевдин курулай аракеттери суу кечпейт го? Кызматтан кете турган күнү жакындап калды окшойт...
“Азия Ньюс” гезити