Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Талгат Өскөналиевдин карьерасына, келечегине “балта чабылды”

Талгат Өскөналиевдин карьерасына, келечегине “балта чабылды”

22-ноябрь, 17:49
965 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Ноокат РИИБнин начальниги Талгат Өскөналиев өздүк курамы менен келише албай, чыр-чатак орун алып, соцтармакта бир канча күндөн бери нааразы тараптар “обон созушту”. Алардын баарын майдалап, токтолбой эле коёлу. Эң башкысы, жетекчи коллективин башкара албаса, ар кимиси менен тирешип, бири-биринин айыптарын чукуй беришсе, алдыга жылыш болбойт да. Кылмыштуулукка каршы күрөшүү артта калбайбы? Ооба, бул жерде Талгат Өскөналиевдин уюштуруучулук жөндөмү аксаганы, ошого катар тажрыйбасыздыгы кашкайып көрүнүп турат. Начальник кол астындагыларга үлгү көрсөтсө, артынан ээрчитип кете алса, маселе жаралбайт эле. Анүчүн деңгээл керек. Туурабы? Аныгында, Ноокат РИИБден президентке чейин арыздангандар чыгышты. Кризистик абалга жетишиптир. Жогорку жак кандай чечим кабыл алары башка маселе. Жыйынтыгында, Талгат Өскөналиевдин карьерасына, кийинки келечегине “балта чабылгандай” ишарат жасалды. Мындан ары кайсы жерге барса да, эми ага сын көз менен карашып, каршылык көрсөткөнгө негиз түзүлөрү шексиз. Ошентип, бир жылдан ашык убакыттан бери өздүк курамдагы ыйкы-тыйкыны баса албай, алсыздыгын далилдеп, аягы жалпы коомчулукка шермендеси чыгып отурат.  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер