Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабыр Муканбетов: “Ташиев жеңил баа кыла турган сөздөрдү айтпай, ойлонуп сүйлөсө...”

Сабыр Муканбетов: “Ташиев жеңил баа кыла турган сөздөрдү айтпай, ойлонуп сүйлөсө...”

15-апрель, 13:34
1 521 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Апрель баатыры, коомдук ишмер, саясат талдоочу замандашым менен учур саясатына байланыштуу маек кылдык.

-- Сабыке дос, салам! Кел, блиц-интервью кылалы, кыска кыска...

-- Макул, мен даяр, айта бер...

-- Референдум, жаңы Конституция тууралуу эки ооз сөз?

-- Референдум боюнча... Шайлоочулардын тизмесине киргендердин 36%ы шайлоого катышып, алардын 80%га жакыны жаңы Конституцияны колдогону айтылды. Мыйзам боюнча шайлоочулардын 30%ы катышса жетиштүү. Айрымдар ары жактагы келбеген 70%дын укугун талашып, “көпчүлүк каршы” деген сыяктуу дооматтарды айтышат. Ал туура эмес, баарына бирдей укук берилди, келип шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгү бар. Ошого карабай келбей атса, кайдыгер болсо, укугун пайдаланбаса, “эмне болсо ошо болсун” дегенсип жүрсө ал ким? Малдан айырмасы жок болуп атпайбы? Менин оюма койсо, аларды бейтапканадан учеттен чыгарып, ветеринарларга учетко коюп салмакмын. Адилетсиздиктин, мыйзамсыздыктын, коррупциянын азабын тартып, теске сала албай жатканыбызга керек болсо ошолор күнөөлүү да. Андыктан ал кайдыгерлердин укугу тууралуу кеп салып, алардын саны менен апелировать эткен вообще туура эмес. 

Эми жаңы Конституция боюнча... Суке, өзүң билесиң, мен парламенттик башкарууну жактаган адаммын. Бирок бизде эки ирет референдум өттү. Биринчисинде эл “президенттик башкаруу болсун” деп чечти. Кечээ 11-апрелде экинчи ирет референдум болуп, президенттик системага ылайыкташтырылган Конституция кабыл алынды. “Заманың бөрү болсо бөрү бол, түлкү болсо түлкү бол” деген экен бабалар. Андыктан талаш-тартыштан пайда жок. Элдин чечимине баш ийебиз. 

Жаңы Башмыйзамдын ичиндеги алешемдиктер тууралуу эмнелер гана айтылган жок? Эми ал тууралуу кайталап айта берүү керек деле эмес. Поздно. Поезд ушел. Эми ал алешемдиктер бар болсо, сөз менен эмес, турмушубузда практика жүзүндө көрөбүз да. “Жаман мыйзам жакшы кадрлар менен жакшы жашоого болот, бирок кадрлар жаман болсо жакшы мыйзам жардам бербейт” деген учкул сөз бар. Андыктан баарыбызга ыйман берсин, башчылар кадрдык саясатын оңдошсун да, тилек кылалы. 

Кыскасы, эми таза президенттик системада жашайбыз. Мейли, көрөлү, жакпаса, туура эмес болсо, кайра кайтыш кыкеңдерге кеп бекен? Убакыт уттурганыбыз эле болбосо.

-- Жергиликтүү кеңештердин шайлоосу тууралуу эмне дейсиң?

-- Жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоонун жыйынтыктарына макул эместер чыгып атышат, билдирүүлөр жарыяланды, ачкачылык баштап жатканы да бар. Бул мындан ары кандай уланары белгисиз. Убакыт көргөзөт. Негизи таза шайлоо болмоюн тынчтык жок экенин билип деле бүттүк. Тилекке каршы, жутунгандар, акча берсе сатылгандар четтен чыгып, азабыбызды жеп атабыз. Күздөгү парламенттик шайлоого чейин жакшылап ойлонуп, шайлоо кодексиндеги алешемдиктерди оңдошубуз керек. Себептин баары ошол шайлоо мыйзамынын ичинде. Антпесек, мындай шайлоо түбүбүзгө жетет! Муну бөркүңдөй көр, Суке!

-- 6-октябрдан бери эле “президенттик система керек, ушуга өтөбүз” деп келе жатабыз, алты айдын жүзү болду. Эми “мыйзамдар керек, күзгө чейин күтөт экенебиз” деп атышат. Президентик башкаруу качан башталат деги?

-- Эй Суке, мурдагы күнү, 12-апрелде башталды президенттик башкаруу. “Бийликти бергиле, 10 күндүн ичинде сезе баштайсыңар, жыргатам” деди, алды. “Президенттик башкаруу кылып бергиле, бүт жоопкерчиликти алам” деди, бердик. “Эми президенттик системага туураланган Конституцияны кабыл алып берсеңер эле бүттү” деди эле, анысы да аткарылды. Болду, азыр болгон жоопкерчилик Садыр Жапаровдун мойнуна жүктөлдү. 

Мыйзамдарды алты ай тууралайбы, алты жыл тууралайбы – ал анын иши. Бүттү эми башка шылтоо жок. “Чимкирик” парламент колунда, жаңы Конституциянын үстөмдүгүн эске алуу менен анын тийешелүү беренелерине шилтеме жасап, президенттин жарлыктарын чыгарып, тездик менен чечимдерди кабылдай башташы керек. 

Мыйзам күтүп күзгө чейин өкмөттүн аппараты менен президентин аппаратын кошпой жүрө берсе да болот, иштебей, чоюп, азыркы бойдон калтырып. Анан ошондой болсо кандай болот, ким иштейт?

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев максималдуу ыйгарым укуктарды алышты. Ат көтөргүс оор жүк. Чын жүрөктөн прорыв кылгылары келип турганына ишенбей да коё албайсың. Бирок ал эки кишинин колунан бүтчү жумуш эмес. Жалпылап жардам берүү керек! 

Анүчүн кадрдык саясатты кескин оңдоп, колдору, абийирлери таза, ишти алып кете ала турган кадрлардан команда түзүп, булгангандардан арылып, өң-тааныш аркылуу дайындоолорду токтотуп, президент айткандай ачык, эл ишенимине ээ болгон тыңчыкмаларды тандоо саясатын жүргүзүү керек. Ансыз куру убара. Анда тарых кайталанып, булар деле мурунку бозгундардын кейпин кийип калышы толук мүмкүн. 

Экономикада өсүш болуп, калктын турмушу оңоло баштаганы ачык көрүнө башташы керек. Ошондо ишеним пайда болуп, жалпы дух көтөрүлүп, өнүгүүнүн андан кийинки дүркүрөп өсүүсү башталат. Андай болбосо эл кечирбейт. Эл аябайт бул жолу. 

-- Сөздүн акырында, мына жакында Аксы окуясы, 24-март, 7-апрель окуяларын эскерүүлөр болуп өттү. Президент, саясатчылар, коомчулук, дээрлик бардык тараптар ой бөлүшүштү. Садыр Жапаровдун каргашалуу июнь коогалаңын кайрадан териштирүү үчүн УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевге табыштама бергени коомчулук ичинде кызуу талкуу жаратты. Териштирүү баштала электе эле “июнь окуясына Убактылуу өкмөт мүчөлөрү күнөөлүү, ошолор жоопко тартылышы керек” деген пикирлер айтыла баштады. Ушу тууралуу ой бөлүшсөң?

-- Бул сурооң бир сутка талкуулай турган маселе. Аны эмдигиде кенен-кесири талкуулайлы. Азыр кыскача токтоло кетейин.

Бул июнь коогалаңы тууралуу маселенин калкып чыгышы көп суроолорду жаратты. Реваншистик аракеттер болгон үчүн маселе жанданганын бир топ саясатчылар, эксперттер айтып жатышат. Аты-жөнүн жашырып, тымызын жабырлануучуларды кыдырып, арыз жаздырган адамдар кимдер экени эч жерде айтылбаган бойдон калды. Болбосо он жылдан ашкан окуянын жабырлануучулары кандайча бир убакта козголуп, жазда, күздө эмес, кыш күрөөдө жапырт көтөрүлүп, уюшуп, арыз жазып калат? Арыздануучулар арызын ар кими өз алдынча жөнөтпөй, ал арыздарын белгисиз адамдарга берүү менен чектелип, артынан түшпөй, ар кими өз иши менен алек бойдон калып атат. Топтоп, тиркеп апкелгендер кимдер? Акчага жалданган адамдарбы? Белгисиз. Аттары айтылбайт. Топтоп, тиркеп апкелип президенттин аппаратына таштап, жым-жым болушкан. Анан президент эмне кылат? Кармап жатмак беле? Камчыбек Ташиевге табыштап жатат. Мен жеке өзүм “Убактылуу өкмөткө кастыгы бар, өч алууну көздөгөн тараптар атайылап тымызын иш жүргүзүп уюштурган” деген бүтүмгө келдим. Андай ойго келишиме соцтармактардагы ушул арыз, жалпы эле июнь окуясы боюнча башталган кыймыл аракеттер себеп болду. 

Убактылуу өкмөттөү ар дайым (банк ячейкалары, мародерлук, ж.б.) сындалып келген. Негизинен эл апрель элдик көтөрүлүшүнөн кийинки элдин ишенимине суу сээп, парламенттик системаны дискредитация кылып, Атамбаевдин өзүм билемдигине жол бергендиктери үчүн жек көрүшөт. Ал түшүнүктүү. А бу сапар “Убактылуу өкмөт өзбек сеператистерине кошулуп, болушуп, автономия убада кылышып, тукуруп, элди кырдырышкан” дегенге тете далилсиз айыптар менен жазалоо талап кылынып атат. 

Сепаратистердин Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн теңсинбей, “биз да революцияга катышканбыз, Бакиевдерди куушканбыз” деп бой көтөрүп, жаңы бийликти тоготпой, өзбек тараптан шыкактаган колдоочуларына таянып, “автономия алабыз” деп чыкканы чын. А бирок “Убактылуу өкмөттүн кайсы мүчөсү өзбектерге автономия убада кылды?” дегенге Кадыржандын калптарынан башка эч кандай аудио, видео, же күбө факты жок. Ал кезде өзбек жарандарынын санына жараша облустук структураларга кызматтык квоталарды ачуу тууралуу сүйлөшүүлөр болгону маалым. Ал тууралуу далай ирет айтылган, жазылган. 

Азыр өч алгысы келгендердин куралы болуп, жалган жалаага таянып, эски жараны чукулап, азыркы баштай турган ишин кедергиге учуратуу Садыр Жапаровго керекпи? Ал ага түк керек эмес. 

Камчыбек Ташиев да 2010-жылкы окуялар тууралуу үн катты. “Чыр – бийлик элди башкара албай, элдин бийликке болгон ишеними кеткенде гана чыгат. 1990-жылдары бир чыкты эле. 2010-жылы бир чыкты” деген сөздөрдү айткан экен. Калетсиз сөз. 1990-жылкы коммунистик бийлик, 2010-жылкы бакиевдик бийлик күнөөлүү. Элдин кыжырына тийип, эл көтөрүлгөн. Андан бир жарым ай өтпөй июндагы кагылыш ошол апрелдеги тополоңдун уландысы, эпкини эмеспи. 

Андан кийин “2010-жылы бийликти сактап калуу үчүн чыр чыгарышты” деп Убактылуу өкмөттү айыптап, “Бакиевдер качып, жандарын коргоп жүрүшсө, кайдан күнөөлүү болот?” деп аларды коргоп жатышат. Башында күнөөлөп, аягында коргоп, өзүнө карама-каршы сүйлөп алды. 

Андан ары опурулуп, “500гө жакын адам каза болду, 10 миңге жакын адам жарадар болду, 100 миңдеген адам зыян тартты” деп акырында ачык оюн билдирип, “2010-жылдагы окуяда Убактылуу өкмөттүн күнөөсү зор, ошон үчүн аларды жоопко тартыш керек” деп бүтүм чыгарган.

Эки ортодо “2010-жылы бийликти сактап калуу үчүн чыр чыгарышты” деп Убактылуу өкмөттү айыптаганы да коошпой, карама-каршылык туулуп калды. Ал айткандай, “Бакиевдер өз айласын таппай жүрсө, УӨ кимдерден кооптонуп бийлигин сактаганга жанталашкан?” деген суроо туулат. 

Ошол кезде Ошту, Жалал-Абадды кайра-кайра баса калып, “бийликти кайра алабыз” деп аткан контрреволюциячыл бакиевчилердин аракетин эл унута элек да. Ошо кездеги контрреволюциянын телефондук сүйлөшүүлөрүн ЖМКлар жакында эле кайталады го. Ошентип контрреволюция, сепаратисттер, кылмыш дүйнөсү, наркотрафик кожоюндары, сырткы күчтөр туш тараптан кысып, бийлик алсыздыгынан пайдаланып коогалаң баштады. 

Жогорудагы аты аталган тараптар саясый күчтөрдүн ичинен, эң эле стабилдүүлүктү каалап турганы УӨ болгон. Анткени жоопкерчилик аларда, эптеп тынчтык орнотуп, бийлигин легитимдеши керек болчу, а “легитимдештирбейбиз, бирдеме алып калабыз, жулуп калабыз” дегендерге чатак керек болчу. 

Легитимдештирүү үчүн стабилдүүлүк, тынчтык керек экенин Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев 6-октябрдан бери өз жондору менен сезишти го? Анан ошого карабай реваншистердин өч алуу идеясын канааттандырууну көздөгөнсүп “жоопко тартыш керек” деп опурулат. Териштирсин. Териштирип, жаранын картын сыйырганда көп сөздөр айтылып, реваншисттер менен бирге бакиевдер кулагандан жабыркаган өзү кошо күнөөлүү болуп чыкса кантээр экен?

Камчыбек Ташиев адыраңдаган, кандан-бектен кайра тартпаган, эр көкүрөк, кыргыз үчүн жанын берүүгө даяр баатырыбыз! Анда шек жок. Бирок азыр ал эң жооптуу кызматты аркалап аткан соң, ойкуп-кайкып, жеңил баа кыла турган сөздөрдү айтпай, ойлонуп сүйлөшү керек. Сомнительный группаларга аралашпай, жалпы элге тегиз карап, эки бөлүнүп чабыша турган жагдайлардан сактап, элдин ынтымагын сактаса, эки достун өздөрүнө эле жеңил. Башкача айтканда, разборкалап жүргөнгө убактылары жок. Разборка өз баштарына муш болору андан да күмөнсүз!


Сурат Жылкычиев

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер