Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Неля Нуркулова: “Апам биз үчүн белин бекем бууп, сергек жашады”

Неля Нуркулова: “Апам биз үчүн белин бекем бууп, сергек жашады”

20-январь, 19:50
1 715 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ырчы Неля Нуркулова апасына арнаган эскерүүсүн социалдык баракчасына бөлүштү:

“Жараткандын амири, андан эч ким качып кутула албайт жана ага акаарат айтууга алсызбыз. Мезгил дарылайт деп үмүттөнөм. Жашоо уланат...

Ар бир инсанга жүктөлгөн ыйык адамдык парзды бийик тутуп, сапарыбызды улаганга милдеттүүбүз. Жакыныбызды жоготкон болсок, бизди жоготуудан корккон жакындарыбыз үчүн жашашыбыз керек. Кыйын кырдаалда жанымда болгон жакындарыма ыраазымын. Анын ичинде сиздер, кыргыз эли, кайратыма кайрат кошуп турганыңыздарды сезип турдум. Апам күчтүү адам эле. Катар-катар жакындарын жоготсо да мүңкүрөп калбай, белди бекем бууп, биз үчүн сергек жашады, өмүрүнүн бардыгын “кыздарым” деп арнады. Мен аны эми түшүндүм, күчтүү болгонго аракет кылам. Алланын айтканына баш ийип, арабабызды андан ары карай түртөбүз.

Жаркылдаган элесиңиз биздин жүрөгүбүздө өмүрүбүздүн аягына чейин сакталат, апаке! Ар бирибизге чың ден соолук насип этип, өмүрүбүзгө Жараткан береке берсин, замандаштарым!” деп эскерди апасын ырчы айым.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер