Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айзуура Иманалиева: “Атам кандай белек болсо да жаш баладай сүйүнүп кабыл алаар эле…”

Айзуура Иманалиева: “Атам кандай белек болсо да жаш баладай сүйүнүп кабыл алаар эле…”

19-январь, 12:18
1 646 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Алпаруучу Айзуура Иманалиева атасы, залкар акын Элмирбек Иманалиевге биринчи айлыгынан жүн байпак алып бергенин жана аны акын жайдын аптаптуу күндөрүндө дагы кийип жүргөнүн айтат:

“Мындан 6-7 жыл мурда өзүмдүн кесибим боюнча жаңыдан иштеп, алгачкы тапкан тыйыныма атама, “бутуңуз үшүбөсүн” деп жүн байпак сатып бердим. Менин болбогон белегим үчүн аябай сүйүндү. Кийин жайдын аптаптуу күндөрүнүн биринде жолугуп калсак, бутунда баягы мен берген жүн байпак… Көрсө, чечпей кийип жүрчү экен…

Атам үчүн белектин баалуулугу маанилүү эмес болчу. Кандай белек берсек дагы жаш баладай сүйүнүп кабыл алаар эле.

Тилекке каршы, ата-энем чал-кемпир болуп, мен аларга гөлөч сатып бере турган карылыкка жетпей кете беришти…

Бүгүн болсо Сезим экөөбүз “нурдуу балдарга” барып, биргеликте куран окудук. Сообу тийсин силерге, асылдарым!”.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер