Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жакут Сыдыков, куудул: “Бир эле иним бар эле…”

Жакут Сыдыков, куудул: “Бир эле иним бар эле…”

04-январь, 12:19
3 889 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Куудул Жакут Сыдыков инисине арнап ыр чыгарып, аны Инстаграмдагы баракчасына жүктөдү:

Чыңгызым, жанды кейиткен,

Таппадым сени кейиштен.

Эртеби-кечпи барамын,

Тосуп ал бизди Бейиштен.


Бир тууган кайдан табылат?

Муңканып агаң сагынат.

“Бейиштен орун берчи?” деп

Кудайдан сурайм жалдырап.


Кабыргам сыздап кайгырдым,

Салмагы кантет кайгыңдын.

Бир эле иним бар эле,

Бир боорум, сенден айрылдым.


Эске салсак, 27-декабрда куудул Жакут Сыдыковдун бир тууган иниси каза болгон. Маалыматка ылайык, куудулдун бир тууган иниси Чыңгыз Сыдыков жүк ташуучу унаа айдап иштеген. Маркум 27-декабрда кырсык болгон күнү унаасын токтотуп, дөңгөлөгүнүн алдына башын салып, тетиктерин текшерейин деп жатканда бир нерсе жарылып кеткен. Чыңгыз Сыдыков алган жаракатынан улам окуя болгон жерде көз жумган.

Анын артында 5 баласы жана жубайы калды.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер