Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурчолпон, ырчы: “Ютуб аркылуу чыгармачылыктагы ийгиликтерге жетиштим...”

Нурчолпон, ырчы: “Ютуб аркылуу чыгармачылыктагы ийгиликтерге жетиштим...”

04-январь, 11:33
1 550 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Нурчолпон, узатып жаткан жылы көп ийгиликтер коштоду окшойт...

-- 2020-жыл көпчүлүгүбүз үчүн эле орчундуу оор жылдардан болду. Анткени жыл бою карантин чектөөлөрү улантылды. Көп жоготуулар болду. Бирок, карантинде жөн жаткан жокмун. Чыгармачылыгым менен катуу иштедим. Ошол эмгектеримдин баары жыл акырында өз жемишин берип отурат. Буга президенттик стипендия алганым далил болуп берет. Эл аралык композиторлор сынагында биринчиликти алганым дагы күбө.

Быйылкы жылы президенттик балатыда Аяз кыздын образын жараттым. Ютуб каналымдан 100 миң катталуучу топтогонум үчүн күмүш баскычтын ээси болдум. Ал эми жаңы жыл биздин жакшы көргөн, бактылуу сезимдерди тартуулаган майрамдарыбыздын бири. 

-- Ютуб каналы чыгармачылыгың тартуулоо менен бирге киреше булагы болуп жатабы?

-- XXI кылымда ютуб жана интернет сферасы жаштарга, улуу адамдарга болобу, сонун мүмкүнчүлүк тартуулап берип жатат. Апам айтып калат: “Биздин убакта жашаганыңда каналдардын артынан чуркап, “бизди көрсөтүп кой” деп суранып жүрмөксүңөр. Азыр бактыңарга интернет бар экен. Өзүңөрдүн чыгармачылыгыңарды бир заматта эле бүтүндөй ааламга көрсөтө аласыңар. Эгемен чыгармачыл адам болгонго чоң мүмкүнчүлүгүңөр бар” деп. 

Ютуб мага чыгармачылыктагы эгемендикти тартуулады. Ал жактан маяна дагы алам. Мен азыркы учурда ютуб аркылуу дагы өзүмө финансылык өбөлгө түзүп жатам. Бул жагынан өз дараметин көрсөтүү баардык адамдарда бар. Сөз жок эле ырдоодо, искусстводо эмес. Балким, сен устасыңбы? Ашпозчу же тигүүчүсүңбү? Өзүңдүн иштериңди ютуб аркылуу көрсөтүп, эң керектүү аудиторияңды топтоп алсаң болот. Ошол нерсе аркылуу эч кимге көз карандысыз боло аласың.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер