Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Билл Гейтс пандемия качан аяктарын айтты

Билл Гейтс пандемия качан аяктарын айтты

26-май, 19:27
692 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири Билл Гейтс 2022-жылдын аягына чейин жашоо өз нугуна түшөрүн билдирди.

“Sky News” басылмасына берген маегинде миллиардер жашоонун качан кадимки калыбына келери тууралуу суроого жооп берди. Ал вакциналар тездик менен жайылтылып жатканын баса белгилеп, 2022-жылдын аягына чейин жашоо өз нугуна түшөрүн болжолдоду.

Учурда препараттар өнүккөн өлкөлөрдүн монополиясында экендигин, бул жактарда эмдөө керектүү деңгээлге жетерин, ушул этаптан кийин дүйнө жүзү менен бөлүшөрүн баса белгилеген Гейтс бул кадам пандемиянын жүрүшүнө маанилүү таасирин тийгизерин кошумчалады.

Билл Гейтс Сovid-19га каршы долбоорлорго каржылык колдоо көрсөтүп, миллиондогон долларларды жумшады. Жубайы жетектеген “Гейтс” фонду окумуштуулар Угур Шахин жана Өзлем Түречи ээлик кылган “BioNTech” компаниясына 55 миллион доллар бөлдү. Булардан башка да вакциналарга каражат берди.

2019-жылдын акыркы айында пайда болгон коронавирус биринчи катталган күндөн баштап дүйнө жүзү боюнча 150 миллиондон ашуун адамга жугуп, 3 миллиондон ашуун адамдын өмүрүн алды.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер