Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Анжелика: “20 миң доллар үчүн жүрөгүм сыгылып, денем чымырап, шагым сынып жатат”

Анжелика: “20 миң доллар үчүн жүрөгүм сыгылып, денем чымырап, шагым сынып жатат”

29-декабрь, 11:36
3 041 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Акын, аткаруучу Марат Алыбаевдин кызы ырчы Анжеликанын аткаруусундагы “Жашоо керемет” аттуу ыр үчүн алгач 20 миң доллар, кийинчерээк 3000 доллар сураган. Бул тууралуу ырчы 28-декабрда өзүнүн Инстаграм баракчасы аркылуу кабарлады:

“Ырлардын чыры бүтпөдү. “Жашоо керемет” аттуу ырды эми такыр аткарбайм. Бир ырдан баш тартып, тапкан акчамды Аллах ыраазычылыгы үчүн муктаждарга бергеним оң.

Мен анда беш жашта элем. Чубак Сатаев, Марат Алыбаев агаларыбызды үйдөгү отуруштарда, тойлордо көрүп жүрчүбүз. Ата-энелерибиз ырларын сүйүп ырдаганда, биз дагы жаттап калчубуз. Анда бүгүнкүдөй мыйзамдар жок эле. Каалагандар автордун атын айтып ырдашчу, алар өз каалоолору менен белек кылып жазып берип, батасын берчү. 

Албетте, мен КР мыйзамдарына баш ийем, бирок бардык нерсе чеги менен болуш керек. 1995-жылдан бери аткарып келе жаткан ырды аткаруума тыюу салышты. Атасынын ырларын патенттен өткөрүп алган Марат Алыбаев агабыздын кызы аткарууга уруксат берүүгө 20 миң доллар, андан соң 3000 доллар талап кылды.

Бардык авторлор алчу акчадан баш тартты. Кеп акчада эмес, кеп адамдын ачкөздүгүндөбү деп жаман болуп жатам. Жүрөгүм сыгылып, денем чымырап, мойнум буулуп, шагым сынууда. Ушундай бир алыска качып кетким келип жатат. “Менин аудиом жазылып жатат, интернетке таратам деп талуу жериме тийди. Алдын ала бул маалыматты кыскартып чыгарууну чечтим.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер