Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурзат Токтосунова: “Бул жалганда баардык нерсенин аягы өлүм менен бүтөт”

Нурзат Токтосунова: “Бул жалганда баардык нерсенин аягы өлүм менен бүтөт”

25-декабрь, 13:13
2 436 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Алып баруучу Нурзат Токтосунова сөз тууралуу кызыктуу пост бөлүштү. Төмөндө ага көз жүгүртсөңүз болот.

“Сөз – аалам жана адам сырын изилдеген универсалдуу амал. Бул жалганда баардык нерсенин аягы өлүм менен бүтөт. Сөз -- эл байлыгы, эл казынасы. Өлбөгөн нерсе -- касиеттүү. Адамзат кен чалгындап, жер астындагы байлыкты таап, ошол аркылуу эл турмушун жакшыртууга умтулабыз. Ал да керек. Бирок, ал байлык эртедир-кечтир түгөнөт. Анын ордуна өлүү талаа, жансыз тоо-таш, жабырланган табият калат. Ал эми тил байлыгын изилдөө, анын койнун чалгындоо «түгөнгөн сайын, түтөгөн, алган сайын арбыган, сузган сайын көбөйгөн» көрөӊгөлүү казына болуп, укум-тукумубузду шердентип, сыймыктантып, урпактарыбыздын ой сезимин өөрчүтүп, ар-намысын курчутуп турат. Дилиӊ оӊолсо тилиӊ, сөзүӊ оӊолсо өзүӊ оӊолосуӊ. Дүйнөдө сөзгө жарды эл жок, бирок төрдөн орун берген эл чанда. Кыргыздар ошолордун бири. «Өнөр алды кызыл тил», «Көз жетпегенге сөз жетет», «Баш кесмек бар, тил кесмек жок», «Сөзүӊ өлгөнчө, өзүӊ өл». Булар – сөз кадырын туя билген элдин ой тыянагы. (Сабыр Иптаров 2012- жылы чыккан «Кыргыз жан дүйнөсү» китеби)”,-деп жазды алып баруучу.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер