Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Асел Кадырбекова: “Үч айдан бери өзүмө келе албай жатам. Баардык жерим ооруйт”
Асел Кадырбекова: “Үч айдан бери өзүмө келе албай жатам. Баардык жерим ооруйт”
13-октябрь, 16:48


Кыргыз эстрада ырчысы Асел Кадырбекова учурда жол эрежесин так сактаган айдоочулар аз экендигин, кырсыктын айынан үч айдан бери калыбына келе албай жатканын айтат.
“Жол эрежесин сактап, талапка жооп берген айдоочулар өтө эле аз. Жөн эле “жолдун падышалары”, мындайча айтканча, “өпкөсү жоктор”. Балким ичимдеги ачуум менен же ден соолугума кедергиси тийгени үчүн айтып жаткандырмын.
Үч айдан бери өзүмө келе албай жатам. Баардык жерим ооруйт. Денемдин көгөргөн жерлери жакын арада кетпейт өңдөнөт. Дагы жакшы, коопсуздук курун тага элек болчумун. Тагып алганымда былчыйта тебелеп кетмек экен. Унаанын алды жагы талкаланган. Мен эч кимди коопсуздук курун тагынбоого үндөбөйм, бирок ар кандай кырдаал болуп калат.
Дарыгерлер убакыт талап кылынарын айтышууда. Кудайга ыраазычылык билдирип, күтүп гана туруу керек. Бул менин жашоомдо баарын жасаганга үлгүрө электигимди түшүндүрөт. Менин китебим толук бүтө элек! Баардык мекендештерден жолдо абайлоону суранам. Кантсе да, сизди үйүңүздө жакындарыңыз күтүп жатат”.










