Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Айгерим Акылбекова: “Кызыбыз Элес атасын 5-октябрда гана көрөт окшойт”
Айгерим Акылбекова: “Кызыбыз Элес атасын 5-октябрда гана көрөт окшойт”
15-сентябрь, 11:54


Алпаруучу Айгерим Акылбекова мурунку жолдошу, алпаруучу, актёр Эркин Нурбаевдин саясатка аралашып жаткандыгы тууралуу үн катты:
“Кызымдын атасы өлкө келечегин, мен кызыбыздын келечегин ойлоо менен алекмин. Ал адамдын саясатка аттанганын колдойм же колдобойм дебейм. Ийгилик гана каалайм! Элес атасын 5-октябрда гана көрөт окшойт” дейт ал.
Эске салсак, алпаруучулар Эркин Нурбаев менен Айгерим Акылбекова 2017-жылы 22-январда баш кошушуп, тилекке каршы, кийин эки ажырым жолго түшүшкөн. Ортолорунда Элес аттуу кызы бар.










