Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айпери Кубик кызы: “Мен эркектерди кызыктырган сүрөттөрдү жүктөгөн жокмун”

Айпери Кубик кызы: “Мен эркектерди кызыктырган сүрөттөрдү жүктөгөн жокмун”

03-сентябрь, 14:21
921 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз эстрада ырчысы Айпери Кубик кызы акылына жараша жооп берди:

“Оронгондор антсе болбойт, минтсе болбойт” деген окурмандарым! Бул билдирүүнү окуп коюңуздар сураныч. Менин постторумду да көрүп, астын окуп чыгыңыздар. Инстаграм мен учун каржылоочу булак! Мен каражат таппасам, бул жакка катталбайт болчумун. Анан да сиздер айткандай калп эле мода кылган да жокмун. Жоолук салынганым өзүм үчүн, мындан ары кааласаңар каалабасаңар да мен жоолукчан болом.

Бул баракча меники болгондон кийин шариятка туура келген нерселерди, туура келген кийим менен чыгара берем. Жакпаса, сөгүп, каргап жазган сөзүңүздөрдү өзүңөргө бекем кармап, мени блокко киргизип коюңуздар.
 Ар балээ сөздөрдү жазып күнөө кылбаңыздар! Менин ар бир жазган постум устазым
дын кеңешинин негизинде чыгат. Мага акыл үйрөтүп, урушуп жазуунун кажети жок! Кээ бирлерине мен мактангандай көрүнөт экенмин. Ал силердин көйгөйүңөр! Адам кандай болсо ошондой кабыл алат! Мен өзүмдү реклама кылып, обу жок видеолорду, калп эле оозумду чүйрүйткөн (эркекти кызыктырган) сүрөттөрдү жүктөгөн жокмун! Ар бир постума маани берип окуп туруңуздар! Шариятта эмне кандай экенин тактагыныз келсе, устазыма катталып, сурооңуздарды узатып туруңуздар! Баарыңыздарга Аллахым илим, ыйман, акыл, сабырдуулук, эки дүйнө бактылуулугун насип эткен болсун”.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер