Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Анжелика арзан хайп жасай берип, коомчулуктун көңүлүн кантип калтырды?
Анжелика арзан хайп жасай берип, коомчулуктун көңүлүн кантип калтырды?
01-сентябрь, 23:39
734 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ырчы Анжелика Бекболиева жеке жашоосун, баскан-турганын ачыктай берип, аягы “арзан жанга” айланып калды. Күйөөсү менен ажырашканын, андан соң казак миллионерин жандап, кайра анысын алмаштырып, башкасын таап, айтор, колдон-колго өткөнүн өзү даңазалап келди. Аягында күйөөсү менен “жарашып”, бирок анысы да хайпка айланса, турмушунун тамтыракайы чыкканы ушул беле? Үйүн, машинасын, көйнөгүн, ич кийиминен бери жарыя кылганы логикага сыябы?.. Соңку убакта эстен тана жыгылып, болбой калганын жарыяласа да, көпчүлүк көңүл бурбай койду го? Эл да тоюп бүтсө керек. Арзыбаган жашоосу кимге кызык эле?..
Кундуз
Aryba.kg