Пластикалык операция жасатканын ачык айткан Азур


Бүгүнкү күнү көпчүлүк келбетине, дене-түзүлүшүнө өзгөртүү киргизгилери келишет. Адистер пластикалык операциялардын өнүгүүсү менен Кыргызстанда муну жасатуу өтө оңой болуп калганын айтышат. Айрыкча адистерге эриндерин, көкүрөгүн чоңойткусу келген ырчылар кайрылышат. Бирок, денесинин кайсы бөлүгүнө өзгөртүү киргизгендерин ачыктагылары келишпейт. Булардын арасында саясатчы, депутаттар да бар экени айтылып жүрөт. Аты-жөнүн жашыруун калтыргысы келген пластикалык хирург оозун, көкүрөгүн чоңойтуп, же сурма жасатышы ыктымал (!) деген белгилүүлөрдүн мурдагы жана азыркы сүрөттөрүндөгү айырмачылыктарды салыштырды.
-- Азур аттуу ырчы айым да көзүнө операция жасатканы белгилүү. Ырчы муну өзүнүн Инстаграмдагы баракчасында жашырбай эле айткан. Операцияга баргандардын басымдуусу муну жашыруун сактап, хирургдардан да ушуну талап кылышат. Бирок, Азур сурмасын белгилүү пластикалык хирург Султан Тукешов жасаганын белгилеген жайы бар.











