Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каныкей: “Бала пайда болгондо дене мүчөң да өзгөрөт тура”

Каныкей: “Бала пайда болгондо дене мүчөң да өзгөрөт тура”

12-август, 20:02
795 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Каныкей Алымбекова кызыктуу постту өзүнүн социалдык баракчасына бөлүштү.

“Эми кеп чачта болсун. Баштан эмнелер гана өткөн жок! Кичинекей кезимде чачымдын табияттан тармал жана ачык түстө болгонуна анчейин деле көңүл бурчу эмесмин. Кийин чыгармачылыкта продюсерим чачымды, келбетимди эмне гана эксперимент кылган жок. Мага да абдан кызык болуп, бир топ түшүмдүү иштедик. Андан соң балалуу болгон этапта абдан кыйналдым. Дегеним, чач түшөт экен, кайра өсөт экен, бала пайда болгондо дене мүчөң да өзгөрүлөт тура. Кээ бири арыктаса, кээ бири толот экен. Айтор, мен да толуп барып, анан азыр кайра өз калыбыма келе баштадым. Табият менен урушуп деле болбойт. Адам миң түркүн аракет кылса да, жылдар жана айлана-чөйрө сени сөзсүз өзүнүн багытына имерип алат экен. Мисалы, мен азыр өзүмдү ушундай элестетем жана бармын. Баштан көп нерселер өттү. Дагы деле өтө бермекчи” деп жазды ырчы.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер