Бек Борбиев: “Өзүм да ары барып, бери келдим”
КР эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев Курман айт майрамы менен куттуктап, оорунун айынан көп жакындарынан айрылганын социалдык баракчасына жазды.
“Арапа күнүңөр менен! Курман айт тирүүлөрдүн, тирүүлүктүн майрамы экен, оорубагыла достор. Бул илдеттен көп жакындардан айрылдык. Бир айдын ичинде эле бир тууган таякем, бир тууган бөлөмдөн, анын аялы жеңебизден айрылып олтуруп калдык. Өзүм дагы ары барып, бери келдим, азыр жакшы, шүгүрмүн. Жашоо улана берет экен. Кудай жакшы көргөнүн алып, калгандарыбызга эскертүү берди. Ден соолук, иммунитетти бийик алып жүргүлө (!) деди окшойт. Көбүрөөк көчөгө, тоого чыгалы, үйдө олтура бербей сыртка чыгып кара жумуш кылалы, иштейли, кыймылдайлы. Албетте, мунун баары - ден соолук”,-деп жазды ырчы.
Ырчынын күйөрмандары ага ден соолук каалашууда.