Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Назира Айтбекова: “Эй, адам баласы, жашынба! Чык бери! Абийириңдин алдында чечин, жылаңачтан!”

Назира Айтбекова: “Эй, адам баласы, жашынба! Чык бери! Абийириңдин алдында чечин, жылаңачтан!”

21-июль, 13:26
1 186 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Катынып, кымтынып, бекинип, жашынып жашайт жан. Алгач денеге жашынат. Сыртынан кийимге. Анын сыртынан беткабына. Башка образга жашынат. Биз өмүр бою жашынып келе жатабыз. Эмнеден улам? Коркобузбу? Кимден? Элдин оюнанбы? Эл жаман ойлоп калса эмне болот? Жандүйнөңдө кыжалат болосуңбу? Эмнеге кыжалат болосуң? Сүйүлбөй калган үчүнбү? Башкаларга сүйүлүп, башкалардын көзүнө, көңүлүнө кирүү ошончо маанилүүбү? Өзүңө жагышчы? Сен өзүңө канчалык деңгээлде жагасың? Күзгүнүн алдында да, абийириңдин алдында жыпжылаңач чечинип алып, өзүңдү бир карап көрдүң беле? Өзүңө өзүң канчалык деңгээлде жагат экенсиң анан? Өзүң менен өзүң чындыкка чыктың беле? Каталарыңды эсептеп, моюндап көрчү? Биз өзүбүздөн иренжип, жашынарыбызды билет белеңиз? Биз өзүбүздү кабыл албаганыбыз, сүйбөгөнүбүз үчүн башка бирөөгө жагуу ушунча маанилүү! Уктуңуз беле? Сен өзүңдүн ким экениңди, эмнеге татыктуу экениңди, өзүңө канча баа берериңди так билгенде гана башканын ою менен эсептешпей каласың. Эй, адам баласы, жашынба! Чык бери! Абийириңдин алдында чечин, жылаңачтан!»
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер