Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нуриза Бектурова: “Сынактардан көңүлүм калган”

Нуриза Бектурова: “Сынактардан көңүлүм калган”

05-июль, 09:57
1 138 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүнкү күндөгү клиптердин жүзү болгон айчырайлуу актриса, модель Нуриза Бектурова жогорку окуу жайды бүтүп, дипломду колго алды. Жандүйнөсү чыгармачылыкка жакын болгону менен бул тармактан оолактап, олуттуу кесипти аркалагысы келет. 

-- Нуриза, диплом кут болсун! Кайсы кесиптин ээсисиң?

-- Рахмат! Бишкек мамлекеттик университетинин экономика жана финансы факультетинин бизнести башкаруу тармагын бүтүрдүм. Көбү мени актёрдук кесиптин ээси болсо керек деп ойлошот. Мен бул кесипти окуунун кажети жок деп ойлойм. “Артисти аялым дебе...” дегендей, көп эле эркек аялынын актриса болуусун каалабайт экен. Ушундан улам башка тармакка кеткем. 

-- Клиптерге кандай шарт менен тартыласың?

-- Менин баракчаман көрүп-билген ырчылар, клипмейкерлер өздөрү байланышка чыгат. Мисалы, мода дүйнөсүндө эмгегиң иштеген саатыңа же кийген көйнөктүн санына жараша төлөнүп берилет. Клиптеги ставка деле бар, бирок тааныш-билиш болуп атып, бул тармакта көп деле акча таба албайсың. Мисалы, бир клипке 100 доллар дедим, бирок канча ырчы ошол акчаны төлөп бере алган жок. Мага ал акчаны бергенден көрө таанылбаган башка кызды таап туруп эле бекер тартып койгон жеңил. Аларды деле түшүнөм, чыгармачылыкты деле багуу оңой эмес. Бир чети профессионал актриса болгум келбегенин себеби да ушунда. Бул тармакта татыктуу акча таба албайсың. 

-- Азыркы кырдаалга байланыштуу кайсы тармактан каражат таап атасың?

-- Бүгүнкү кырдаалга чейин эле клиптерге тартылууну токтотком. Баардык ырчынын эле клиптерине бир сыйра тартылып бүттүм окшойт. Көбүнчө модель катары жарнамага тартылам. Ал деле бир жумада бир жолу буюртма болот, кээде бир күндө 2-3 буюртма болуп калышы мүмкүн. Туруктуу жумушум учурда жок.

-- Мындан эки жыл мурда “Мисс Кыргызстан” болдуң эле. Андан бери көзгө басар сынактарга катышканыңды көрө элекпиз?

-- Көңүлүм калды. Калыс өткөн сынак жок экен. Кайсы жерге барба коррупция, тааныш-билиш үстөмдүк кылат. “Чет мамлекеттик сынакка өлкөнүн атынан барып кел” дешет. Бирок 1000-5000 доллар төлөп кой деген шарты бар. Кайсы мамлекетке барба, өзүнө пайдасы тийген өлкөнүн гана кыздарын алдыңкы орунга чыгарышат. Кыргызстан таза эле артта калат экен. Канча курбуларым чет элдик сынактарга барып, көбүнүн деми сууп келген. 

-- Жигитиң барбы?

-- Төрт жылдан бери жүрөгүмдүн ээси бар. Мени менен съемкаларда кошо жүрүп жактырган жок. “Чөйрөңдүн баары балдар экен, алардын баарынын эле ою таза эмес, тартылбай эле койчу” дегенинен макул болдум. Ага чейин ырчы болгум келчү. Ойлоп көрсөм, таянган адамың күчтүү болбосо, бул тармак оор эле болуп калат экен. Шоу бизнес кир, жаман чөйрөдөй сезим калтырды. Мага жаккан жок. “Кой, тынч оокатымды кылайын” деп четтеп калганым да ушундан. Буюрса бир-эки жыл аралыгында жигитим экөөбүз баш кошууну ниет кылып атабыз. 


Бегимай Байбосунова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер