Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Зарыл Аликенов ("Чыпалак баатыр"): “Мотуев мага живой жолукса жакшы болмок...”

Зарыл Аликенов ("Чыпалак баатыр"): “Мотуев мага живой жолукса жакшы болмок...”

29-июнь, 00:58
1 849 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Нурлан Мотуев менен Зарылбек Аликеновдун (“Чыпалак баатыр”) көптөн берки тирешине күбө болуп келебиз. Керек болсо ал уруштун башында хейтерлер турат. Бири-бирине интернет аркылуу жооп беришип, кайым айтышып, бирде тынчый калышып, айтор, окурмандарды зериктиришкен жок. Эки тарапка бирдей байланышып, жонтерисин байкап көрдүк. “Элдешип ага-ини болобу?” десек, жок! Рингге чыгып күч сынашкандан кайра тартчудай эмес. 

-- Азыркы тапта эмне менен алексиз?

-- Учурда тоодо мышыгып жүргөн кезим. Шайтан грушаларды ойлоп таптым. Ал мушташ учурунда шамдагайлыкка үйрөтө турган жакшы ыкма. Элдер “муну эми патенттеп кой” деп атышат. Социалдык тармакка көп сырларын ачкан жокмун. Калганын эл рингден көрүп алат.

-- Ошондо рингге ким менен чыкканга чамынып атасыз?

-- Өткөндө көрбөдүңөрбү, Нурлан Мотуев атырылып, улуу башы менен “колбаса жуткурам” деп айтты. Күйөрмандар “мушташасыңбы?” дешти, “мушташка чыкса чыгып коём, экөөбүз тең адамбыз” дедим. Кийин иш мушташка жеткенде “кой, шоу жагынан эле чыгалы, мушташпай эле коёлу?” деп жалдыраган сыяктуу айтты. Тынчып калсам, кайра “мушташам” деп айтыптыр, мен деле “не подарокмун”, былчылдаша чабышкандан качпайм. Ортодон демөөрчүлөр “100 миң доллар коюп, мушташка чыгарабыз” дешкен. Спорт ордосуна экөөбүздүн беттешти эл көргөнү келмек, бирок карантинден улам ал да токтоп турат. Мен азыр Мотуев менен мушташканга дапдаярмын. Кара күч жагынан өзүмө ишенем. 

-- Силер жөн эле элге эрмек болуп атасыңар, негизи...

-- Эми карабайсыңарбы, менин образдарымды туурап чыгып ырдап атканын. Өткөндө “Буй-буй” деген ырды аткарыптыр, мен ал ырды эбак эле ырдап койгом. Экөөбүздүн аткаруубузду интернеттен добушка коюшуптур, 30 миңден ашуун адам мага добушун берип, мактап атат. Мен эмнени кылсам, ошону туурап жасап атпайбы. Өз алдынча идея таап, фантазиясын иштетип изденбейби? Ырдаса илгери эле ырдап чыкмак да, элдер деле айтып атат, “сени туурап атат” дешип. Чын эле ошондон кийин ырдагандарыбызды салыштырып көрсөм, кудум эле мени туурап атыптыр. 

-- Балким Мотуевдин өзү менен жүз көрүшүп сүйлөшсөңүз, жылдызыңар келишип калаттыр?

-- Ал вариантты деле колдойм. Угушума караганда, “Чыпалак баатырга” чыкпайм” деп атыптыр. Ушундан улам “менден коркуп атат окшойт” деп ойлоп калдым. Мага келип, “ынтымакташалы” деп живой жолукса деле жакшы болмок. Улууну урматтап, кичүүнү ызааттаганды мен да билем. Бирок, “жок, мушташам” десе, анысына да макулмун. Эң негизгиси дух керек. Мен керек болсо Хабибди мушташка чакыргам. Анын жанында Нурлан байке оюнчук болуп калат да... 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер