Борончу Кудайбергенов: “Тарбиялык мааниси бар тасмаларды тартуудамын”


-- Тойлор токтоду. Шоу бизнес өкүлдөрү эмне менен алектенүүдө?
-- Мен ысыктан качып, жайлоого чыгып, 10-15 күн сүт ичип келдим. Дүнүйөнүн түбүнө чуркап жетпейсиң да, бирок жатып алып “Кудай бере көр” дегендерден эмесмин. “Бекер отурганча бекер иште” дегендей, китеп окуп, “Борончу ТВ” деген интернеттен канал ачкам, ал жакка коомдогу окуяларга пикиримди билдирип, улам чыгарып атам. Тарбиялык мааниси бар 5-10 мүнөттүк кыска тасмаларды тартуу менен алекмин. Тойканага чыкпасак да үйдө болуп аткан тойлорго чыгып келдим. Буга чейин деле 30-50 кишиден ашпаган тойлорду алып барганды жактырчумун. Напсиң ток болсо, бир айда 3-4 миң сомго азык алып жашасаң деле күнүң өтөт. Эмдиги жылы 55 жашка чыгам, ошого эмитеден даярдык көрүп аткан кезим.
"Азия Ньюс" гезити










