Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Назира Айтбекова: “Ажырашкандан кийин кантип өзүнө келет?”

Назира Айтбекова: “Ажырашкандан кийин кантип өзүнө келет?”

23-август, 11:59
950 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Назира Айтбекова өз пикири менен баракчасында бөлүштү.

Ажырашкандан кийин кантип өзүнө келет? 

Бул мага жазылган эң көп суроолордун бири.

Тырмак эттен айрылган соң, сыздатып ооруйт. Жаныңды жейт. Жашооңдун кызыгы кетип, каякка бара жатканыңды билиш кыйын. Кынаптап салган кышың урап, кайсы жол менен кетериңди, каякка барарыңды билбей, жолуң тумандайт. Ичиң сыздап, жүрөгүң миң бөлүккө бөлүнөт. Айлаң кетип, үнүң Кудайга жетет. Сөөгүңөн өтүп чучугуңа чейин зыркырап, бул жашоонун тирүү өлүгүнө айланасың. Бул абал ар кимдики ар кандай убакка созулат. 

Мен кантип чыдадым? Кантип бул учурдан өттүм?

Негизи эмоцияны көмүп койбой жашаш керек экен. Качпай, ыйлагың келсе ыйлап, кайгырып, өкүрүп-бакырып, ичиңдегини чыгарып. Эмоция чыкпай калса, качандыр бир оору болуппу, же башка жагынанбы, айтор, тээп чыгат. Бул деле шамал болуп, жамгыр жаагандай эле жандүйнөнүн кубулушу. 

Ажырашып кеткенден кийин аялдын эки жолу бар1) Аял сынып калат. Жашоодон үмүтү өчөт. Көрүнгөн эркек менен жүрүп кетет, же өзүнө кол салат, же жашагысы келбей калат. 2) Аял өзгөргүсү келет. Жаңы багытка, жаңы жашоого чуркайт.

Мен экинчисин тандагам. Өзүмдү издеп, “Мен киммин?” “Эмне кылып жүрөм бул жашоодо?”, “Максатым кандай?”, “Эмнени кыялданам?”, “Эмнеге жетким келет?” деген суроолордун артынан ээрчип кеткем. Анткени ажырашканда экс-эримдин, апамдын, баламдын эмне кааларын билчүмүн, бирок өзүмдүкүн билчү эмесмин.

Толтура китеп окуп, тренингдерге барып, психологдор менен иштешип, айтор, болгон көңүлдү өзүмө бура баштагам. Башканын ааламы башка кеп, бирок өзүңдүн ааламың ушундай кызыктуу. 

Жаңы хобби, жаңы жумуш, жаңы достор, жаңы чөйрө, жашоого жаңыча көз караш башталган. Иштей бердим, чуркадым, эсим ооп, кирпиктен тартканда “күп” жыгылчудай, артымды карабай, жүрөгүмдүн муңун укпай, кулагымды жапырып, көзүмдү таңып алып чуркадым. Колума тийген болгон ишти жасап, иштей бердим.

Ажырашканы Ютуб каналымды ачтым. #Жөнэлеойлор” китебимди жаздым. Толтура кинодо роль жараттым. Баламды окуттум, өстүрдүм. Бир эмес үч үй, бир жер тилке алдым. Үй-бүлөмдү саякаттаттым. Өзүм саякатка чыктым. 

Азыр көзүм көп нерсеге ачылган соң, өзүмдү тапкан соң, “ырас эле жашоомдо ошол кубулуштар болуптур” дедим. Эми мына чыныгы бактылуумун! 

Бул сүрөттө көкүрөгүмдүн муңу жок, чын дилимен каткырып, жашоого эркелеп, бактылуу болуп түшкөм. Учурунда үстүмөн чоң балээни тартып алган аялга ушунчалык ыраазымын!”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер