Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » СССРдин эл артисти София Ротару Украинага чыгып кеткенин тастыктады
СССРдин эл артисти София Ротару Украинага чыгып кеткенин тастыктады
08-август, 15:43


СССРдин эл артисти София Ротару февраль айынан бери биринчи жолу күйөрмандарына билдирүү жолдоду. Ал Россия Украинага согуш жарыялаган күндөн тарта өзү туулуп өскөн жерине кетип калган.
Ырчынын катталуучулары менен байланышка чыгуунун себептеринин бири анын туулган күнү болгон. 7-августта ырчы 75 жашка толду. Ротару бул күнү өзү туулган Украинанын Маршинцы айылында экенин айтты.
"Күчтүү элдер жашаган жерге келдим! Бул жерде мен төрөлгөм, чоңойгом, мектепке баргам. Мына ушул жерден ырдай баштагам. Туулган жериңе таандык болуу сезимин жоготпоо, өз жериң менен байланышта болуу канчалык маанилүү экенин ар бир атуул билип жүрүшү керек. Сага өмүр берген, өстүргөн, колдоо көрсөткөн – албетте, жерлештериң» деп жазган ырчы.










