Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Иран расмий түрдө жеңишке жетти

Иран расмий түрдө жеңишке жетти

16-июнь, 14:29
555 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

      Президент Дональд Трамп “Иран менен АКШ тынчтык келишимин түзүүгө жетишип, 19-июнь кунү эки өлкөнүн өкүлдөрү Женевада кол коёт” деп билдирди. Ага ылайык, америка өнөктөш өлкөлөр менен бирге Иранга 300 миллиард доллар каражат бөлөт. Басма сөзгө жарыяланган маалыматта, мындай каражат АКШны так секирткен имиш. Бирок, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шериф Трампты ынандырганы, натыйжада, бул акча Катардын чөнтөгүнөн чыкмак болгону айтылууда. 

Белгилүү болгон дагы бир маанилүү нерсе, келишим соңуна чыгалекте эле Ирандын тоңдурулган 20 миллиард доллары ээсине кайтарылмак болуп туру. Муну менен эле калбай, Америка куралдуу күчтөрү 30 күн ичинде Ормуз кысыгынын көзөмөлүн Иранга өткөзүп берип, аймактан кетет. Ал эми 9-пункутта расмий Тегеран байытылган урандын өндүрүшүн чектейт. Биротоло токтотот же көз карандысыз комиссия көзөмөлдөйт” деген жери жок. Ирандын ядролук курал жасап, жасабай турганы боюнча бир келишим түзүлгөнү анык. Арийне, ракеталардын өндүрүшүн токтотуу боюнча атайын пункут каралган эмес. Трамп согушка аттанып жатып, молдолордун режимин алмаштырууга, Иранда байытылган уран өндүрүшүн жок кылууга, күйүүчү кен байлыктарын ээлеп алууга, ракеталардын өндүрүшүн токтотууга, бүтүндөй Ормуз кысыгын көзөмөлдөөгө ант ичпеди беле?.. 

Үлкөн державанын алгачкы жеңилүүсү Тегерандагы мектептердин биринде 200дөн ашык өспүрүм өлтүрүлгөн күнү башталган. Ошондон бери бейкүнөө адамдар гана кырылды..

Жеңиштин карааны Ыраакы Чыгышта көрүнгөн жок. Трамп араң жетишкен тынчтыкка Израил эмне дейт? Ирак менен Сириядагы күрттөр кимдин кол чатырында корголойт, Сирия лидери Ахмад аш-Шара дагы канча жыл ордунда калалат? Ливиянын тагдыры эмне болот? Кыскасы, аймакты атайын быкшытып, күлүн сапырып атышат. Азырынча, ал жердин активдүү саясый оюнчусу бир гана Түркия.

                                                                                                                                              Манас Осмон
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер