Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акжолтой канатбек уулунун эжеси Курал Чокоевге эмнеге нааразы?

Акжолтой канатбек уулунун эжеси Курал Чокоевге эмнеге нааразы?

03-март, 12:25
1 322 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маркум ырчы Акжолтой Канат уулунун “Бегимай” ырын Дастан Орозбеков аттуу казак ырчысы аткарып чыкты. Хит ырды аткарууга казак ырчынын уруксаты барбы, аны тактоо үчүн Акжолтой Канат уулунун эжеси Торгын Онкеевага “Барс медиа” кайрылган: “Которгонго ким уруксат бериптир? Бизден эч ким уруксат сураган эмес. Буга чейин Курал Чокоев чалып: “Казактар сурап жатат. Мен берейин деп жатам” деген. Бирок, мен “Бере албайм. Азыр өзүбүз минтип кан жутуп турганда, неге алар ырдашы керек. Мен алар менен сүйлөшкөнгө азыр убактым жок. Акжолду жаңы эле жерге берип жатканда, эч нерсе чече албайм”,-десем, “Мен өзүмдүн билгенимди, сен өзүңдүн билгениңди кыл”,- деди. Демек, ошол жактан кетип жатат.
Кара кагазы жок биз эч кимди сотко дагы бере алмак эмеспиз. Кара кагазды кечээ эле алдык. Эми чара көрөлү десек, атабыз кырсыктап, ооруканага жатып, операциядан жаңы чыкты.
Кийинки жумалардан патентке өткөзүп коюп, ким уруксаат бергенин сурайын деп жатам. Казактар деле уруксаты жок ырдамак эмес”,- дейт ал өз сөзүндө.
Ал эми Акжол Канат уулунун продюсери Курал Чокоев: “Казактар эжесинен уруксат алган болуш керек. Билбейм. Мен аранжировкасын колдонууга гана уруксат бергем”,- деп ал каскача жообун узатты.

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер