Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азамат Жаманкулов: “Россияга эки жүздөн ашык ырчылар менен концерт койгону жатабыз”

Азамат Жаманкулов: “Россияга эки жүздөн ашык ырчылар менен концерт койгону жатабыз”

27-февраль, 15:28
1 372 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов менен Москвага учар алдында жолугуп, учкай кепке тарттым. Өзүңүздөр билгендей, быйылкы жыл маданият чордонунда Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын эриш-аркак же канатташ жылы (!) катары белгиленди.

-- Азамат мырза, Москвадан кеп салчы?..

-- 27-февралда кечки саат жетиде Кремль сарайында канатташ жылдын ачылышын жасайбыз. Албетте, эки өлкөнүн президенттеринин катышуусу менен. Абдан чоң концерт болот. Биздин мекендештер келет. Бул жактан эки жүздөн ашык адам концерт бергени баратат. 

-- Кайсы ырчылар, кайсы топтор?

-- “Камбаркан”, “Акак” комузчулар тобу, Бакыт Тилегенов баш болгон Бишкек мэриясына караштуу эл аспаптар оркестри, “Ак марал” бийчилер тобу жана филармониянын, опера-балет театрынын солисттери ж.б. Дирижер Рахатбек Осмоналиев барып, Россиянын симфониялык оркестрине дирижерлук кылат. 

-- Дагы кандай маданий иш-чаралар болмокчу?

-- Президенттин өзүнүн расмий сапары болгондон кийин президенттерден тышкары премьер-министрлердин да жолугушуусу өтөт. Ачылыштан кийин 221 пункттан турган долбоорлорго кол коюу жагы каралууда. Эгер кол коюлуп калса, 2020-жылы бул долбоорлор иш жүзүнө аша баштайт. 

-- Ачылыш аземге даярдыктар кандай?

-- Жаман эмес, убакыт бир аз тар болгонсуп калды. Ошентсе да колдон келген аракеттерди жасайбыз.

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер