Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Назира Айтбекова: “Бизде үй-бүлө десе, түйшүк, кызганыч, уруш-талаш менен өтөт”

Назира Айтбекова: “Бизде үй-бүлө десе, түйшүк, кызганыч, уруш-талаш менен өтөт”

17-январь, 17:28
2 655 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Теле алпаруучу Назира Айтбекова баракчасына төмөндөгүдөй пикирин жолдоду:

“Көп үй-бүлөлүү агаларым да, эжелерим эмнегедир “азыр 20 жашта болсом үйлөнбөйт элем, турмуш курбайт элем” дешет. Кечээ юрист кыз менен ажырашуулар көп болуп атканын сүйлөшүп калдык. Анан ал кыз “Үй-бүлөлүк институт жоюлат окшойт” деп калды. 

Адамга эркиндик укмуш баалуу экен. Эгерде аны чектей баштасаң, кача баштайт. Биз бири-бирибизди мингенди, бири-бирибизге толук ээлик кылганды, көз каранды кылганды жакшы көрөбүз. Күйөөсү аялынын, же аялы жолдошунун жашоосу менен жашай баштайт. Бул жандүйнөнүн боштугуна алып келет да, бактысыз боло баштайт. Бакытты баладан издейбиз анан. Ошол бизди кармайт деп ойлойбуз. Ал да бере албаган соң, карайламай башталат. 

Менин оюмча, адамдар азыр өзүн издөө менен алек. Жалгыздыкта адам жанындагы адамдын жандүйнөсүнөн чыгып, өзүнүн жандүйнөсүнө үңүлө баштайт экен. Мен ажырашканда өзүм тууралуу бир дагы кыял куруп, максат коюп, өзүм эмнени жакшы көрөрүмдү билбегениме таңгалгам. 

Адам толукталып, жандүйнөсүн таанып алган соң, бактылуу болгонду үйрөнөт. Андан соң, эки эркин, толук, жетик адам кошулганда бири-бири менен бактылуу болот. 

Биз азыр изденүү процессинде болгондуктан, ажырашуулар болуп атса керек. Ага кооптонуунун деле кажети жок. Үй-бүлө десе эле бириңди бириң минүү, эркиндигин кыстоо, чек арасын бузуу, сенин жашооңо кийлигишүү, бирөөнө милдеттүү түрдө кызмат кылуу делинип калган. Балким, үй-бүлөнүн эрежелерин өзгөртөт чыгарбыз? Мисалы, чек араны сактоо, бири-бириңдин чечимиңе, тандооңо сый көргөзүү, ишеним берүү, башканы эле бактылуу кыла бербей, алгач өзүң бактылуу болуу, жашоодон ырахат алуу, билим алуу, саякаттоо, түйшүккө түшүп албай, сонун элестерди чогултуу ж.б. 

Бизде үй-бүлө десе, түйшүк, милдет, кысым, кызмат өтөө, кызганыч, уруш-талаш менен өтөт. Балким ошондон качып, бүлөө куруу кызыкчылыгы болбой жаткандыр? Үй-бүлө куруу дегенде мээге ырахат, сүйүү, кызыктуу жашоо деген сигнал келгенде, жанталашып турмуш курат элек, ээ?
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер