Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Анжелика: “Жандүйнөм элиме жакын болуп, келечек жүрөгүмдү оорутуп жаткан учуру”
Анжелика: “Жандүйнөм элиме жакын болуп, келечек жүрөгүмдү оорутуп жаткан учуру”
01-сентябрь, 11:58


Ырчы, жеке ишкер Анжелика Кайратова алдым-жуттум адамдар арабызда көп экенин пандемия учурунда байкаганын Инстаграм баракчасына жазып чыкты.
“Бүгүнкү оюм. “Ырчы катары өзүн тааныткан Анжелика жашоого болгон көз карашы, кадамы өзгөргөн сымалдай” деп учакта мени менен кошо учкан апа айтып калды.
Пандемия көзүмдү ачты. Ыплас иштер, ачкөздүк, жалкоолук бизди каптап кетиптир . Эң жаманы – шылтап таштоо. Менден башкасынын баары иши кылып күнөөлүү. “Эптеп эле жашап кетсем экен. Эптеп эле бул күндөрдү өткөрсөм, жесем, алсам, катсам” дегендер арабызда басымдуулук кылат. Жандүйнөм элиме жакын болуп, өлкөмдүн келечеги жүрөгүмдү оорутуп жаткан учуру. Карап тургандардан болбойлу, элим! Биригели, ынтымакта иштейли. Күчтүү, өжөр жаштар гана көп маселени жеңил чечип кетишет. Заманбап жашоого анын агымы менен иш кылалы” деген оюн жазды.










