Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эшенкул Барпиев: “Ушуга чейин бир жарым миллион элге ак кызматымды кылдым”

Эшенкул Барпиев: “Ушуга чейин бир жарым миллион элге ак кызматымды кылдым”

15-июнь, 15:23
970 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушу күндөрү белгилүү тамада, алпаруучу, жарчы, актёр, режиссер Эшенкул Барпиев 60 жашын белгилеп отурат. Бу кишинин тарых-таржымалын баштан-аяк баяндап отурсак, кагаз бети чак келбейт экен. Өзүнчө эки томдуу китеп болчудай. Биз болгону урунттуу жеринен үзүп-үзүп, “мыш” болгонун чын дилибизден куттуктап, чакан маек кылдык.

-- Эшенкул мырза, эң оболу үй-бүлө жөнүндө кеп учугун улайлы...

-- Элиме кылгандын жана элиме калтыргандын отчету бар. Аида аттуу кызымды чоңойттум, “тунум, акжолтоюм” деп коём. Студент кез эле. Бирге окуган курсташтар тебетейге кагаз таштап, Аман Жапаровдун “Аида” деген аты чыкты. Артынан үч уул келди. Аиданын кесиби фармацевт-провизор. Андан кийинкиси Улан менин жолумду улап, шоумен, актёр, тамада. Үч тилде жарчылык кылып жүрөт. Өзүнүн орду бар. Андан кийинки эки уулум Руслан, Мирлан башынан эле бизнеске жакын. Бүгүнкү биздин үй-бүлөнүн локомотивдери. Оокаттары тың. Эң улуубуз 39да, кичүүбүз 33тө.

-- Ошондо канча жашыңызда үйлөнгөнсүз?

-- 21ге толо электе байбичем экөөбүз баш кошконбуз. А киши таластык экен, кара торунун сулуусу (кара кишилер сабырдуу болот эмеспи). Менин жеңилдигимди жеңип кетет. Жеңишгүл Өзүбекова жеңем байбичеме “кара нар” деп мүнөздөмө берген. Акындардын тили менен айтканда, “бороон келатса “болк” этпеген, сел келатса “селт” этпеген”, баардыгын сабыр менен чечкен. Кандай мыкты эркек болбосун, артында андан да мыкты аял турат да. Бул багытта үй-бүлөм тынч. Алтымышка келгенче таттуунун да, ачуунун да, болуп турган, болбой турган учурдун баарына күбө болгон байбичем. 

-- Мен билгенден колуңузда эки диплом болуп туруп тамадалык жакка ыктап кетүүнүн себеби бардыр?

-- Жолумду таппай аябай кыйналдым. Театрдын алдындагы эки жылдык студия, андан кийин Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун аяктап, актёр болом, спектаклдерди коём дедим. Биз бүткөн учурдан кийин союз ыдырап, эл театрга барбай калды. Ошол эле жогорку билимдүү, элге таанылган артисттердин жоон тобу талаалап калды. Советбек Жумадылов агабыз нан сатып калган учур болду. Кинолор да тартылбай, Океев, Убукеев, Шамшиевдер карып кетишти. Мамлекет өз элин бага албай, талон менен жашап калдык. Эми тамадачылык өнөргө келгенде менин ар жагым даярыраак болчу. Тарыхтан, санжырадан, кыргыздын макал-лакаптарын жөн эле жаттап алуу эмес, маани-маңызын, түпкүлүгүн жакшы билчүмүн. Анан раматылык Дүйшөн Байдөбөтов, Чолпонбек Базарбаев, Орозбек Кутманалиев, азыр көздөрү тирүү  Келдибек Ниязов, Жолочу Рысбаев, Токтосун Самудиновдор чакан жана чоң чөйрөдө баштап койгон нерсе. Биздин учурга туш келгендерден Кыргызбай Осмонов, Темирлан Сманбеков, Асылбек Өзүбеков, Раимжан Курбанов, мына ошолордун катары менен 1995-жылы Таластан келдим. Кыргыз радиосунда бир жарым жыл диктор, кийин драмтеатрда башкы администратор болуп иштедим. Алган айлыгым бала-чакага жетпейт. Анан ошол эле Кыргызбайга, Асылбек досума “силер кантип бала-бакыраңарды багып атасыңар?” десем, “ой, биз айлыкты карабайбыз. Тойлорго чыгабыз. Миң сом, бир жарым миң акча таап коёбуз бир тойдон” дебеспи. Ошентип алар менен сүйлөшүп, ар бири бир-эки тойлорун мага тапшырып, тамадалык кызматты аркалап баштадым. Чынын айтсам, “Эшенкул деген сонун тамада бар экен” деген атка он жылдан кийин татыктуу болдум. 2005-жылы мени эл тааныды.

-- Ордо калаадан тышкаркы жерлерге да чакырып атыштыбы? Деги эле атактуулардан кимдердин тойлорун тейледиңиз?

-- “Зарыл ишиң болбосо Зардалыда эмнең бар?” дейт кыргызда. Кыргызстандын мен барбаган жери калган жок. Тиги жагы Баткен, бу жагы Ысык-Көл, Нарын, 7 облустун баардык жеринде болдум. Орто эсеп менен эсептеп көрсөм, баш-аягы 37 жыл микрофон кармап жакшылыкта жүрүп, бир жылда 365 күн болсо 150-160 күнүн кызмат кылат экем. Орто эсеп менен 150х37=5550 күн. Болжол менен ар бир күндө 250 адам тойго катышса, бир жарым миллионго жакын элдин алдына ак кызматымды кылыптырмын. Ал эми атактуулардан болсо, саясатта жүргөн “журт атасы, президент болом” деген Өмүрбек Бабановдун тоюн тейледим. Спорттон болсо, кыргыздын намысын коргоп, желегибизди желбиреткен Канат Бегалиевдин, шоу-бизнестеги бактылуу жубайлар Урмат Үсөнов менен Нелянын тойлорун тейледим. Көптөрүн унутуп калам. Көчөдөн токтотуп алып учурашып, “сиз биздин үйлөнүү тоюбузда тамада болгонсуз. Андан бери 10 жыл өттү. Бала-чакалуу болдук” дегендер көп кездешет.

-- Мелис Турганбаевди айтпай кеттиңиз...

-- Айтмакчы, Мелистин баардык тойлорун тейледим. Атасынын алтын тою, кыз берди, келин алды, генералдык наамы, 50 жылдыгы. Кыскасы, ар бир тоюн алпарып атып, алардын үй-бүлө мүчөсү болуп калдым. Кээде мен күтпөгөн, эки же үч эсе акчасын берип койгон учурлар болду. 

-- Тойдо “косяктар” болду беле?

-- Бишкекте болбоду. Талас жергесинде андайлар кездешти. Күркүрөгөн күздөн баштап тээ кыштын кыраан чилдесине чейин той болор эле. Огородго чоң-чоң палаткаларды тигип коюп той бере беришет. Анан үй ээси “үшүп кеттиң го, “оттуу суудан” алып коюп тур” дейт. Алып ийесиң, андан кийин жалындуу, курч сөздөрдөн сүйлөйсүң. Эмне, анда жаш кезиң, дагы-дагы тойду улантып таңды атырасың. Карасаң элдин баары кетип үч-төрт адам калат, мындай кызыктарды да көрдүк. 

-- “Тамадалар борбору” жөнүндө да сөз арасында кыстара кетпесеңиз болбойт го?

-- “Тамадалар борборун” түздүм, бул өтө чоң жаңылык болду. 11 жылга аяк басты. Ошол кезде, тактап айтканда, 2010-жылы март айы эле. 40-50 тамаданын башын бириктирип, мындан кийин чай ичип, ынтымакка келүү жагын, тойду жогорку деңгээлде тейлөө жагын изденели дедим. Чынында 1996-97-жылдарда болгону 20дай тамада болсо, азыр 600дөн ашып кетти. Биздин борбордун балдары бүткүл республика боюнча бар. Экинчи маселе, “устаттан шакирт өтүптүр” дегендей, Токтогул Сатылгановдун алдына Алымкул Үсөнбаев барып батасын алган. Ошол эле Арстанбек Буйлаштын алдына айтылуу Жеңижок барган. Мындай нерсе максаттуу болгон оң. Өзүмчүлдүк жат нерсе. Билген нерсеңди кийинки өсүп келаткан балдарга үйрөтө кеткендин өзү дагы чоң эрдик. Тамадалык өнөр бул жашоодо керек. Эл жакшылыгында издейт. “Тамадалар борборунун” жемиши жаман эмес. 

-- “Тамадалар мектебин” да ачып ийдиңиз...

-- Ооба, мындан эки жыл мурун “Тамадалар мектеби” деп ачылган. Кызыккан балдар өтө көп экен. Эки жылдык мөөнөттө 3 топ тарбияланып чыкты. Бу жерден “агай” деген даражага ээ болдум. Мектепте таалим алып аткан балдар “агай” деп кайрылса, жонтериме батпай кубанып калам. 

-- 60 жаш кандай экен?

-- Тартылып калдым. Тойду тейлөө, тамадалык кызматка кээ бир мен сыйлаган, өтө суранып, “өзүңүз эле тейлеп бериңиз?” дегендерге гана барып жүрөм. Бул эми айланып келип эле сый. Баягыдай өзүмдү жарыя кылмай жок. 

-- Тамадалыктан тартылып калып, эми кайда барасыз?

-- Ден соолукту карайм, өзүм сүйүп ойногон бильярд оюнум бар, 40 жылдан бери үзгүлтүксүз ойноп келем. А жерде кыймыл аракет көп. 3-4 сааттын ичинде 5-6 чакырым басса болот. Мына ушундай, Сурат досум. Анан 2-3 куплет ыр жазгам:

Мезгил учат убакытты талашат,

Кайда калды жылаңаяк бала чак.

Өмүр деген суудай агат турбайбы,

Кээде жайлап, кээде болсо шар агат.


Жаш улгайып, улам өргө баратат,

Алды жакта туман турат карасак.

Ашуулардын ортосубу 60,

Аттиң эми “мышты” кошуп санашат.


Ушул жашта кеч кирбейт да, таң атпайт,

Жолуң түптүз, оңго-солго каратпайт.

Бала-чакаң, неберелер көбөйөт,

Жаратканга мен ыраазы, ырахмат.


60 жаш, орто жолдо турасың,

Моюнуңду оңго-солго бурасың.

Жаштар кошпойт, карылыкка баргың жок,

Ушул чындык сөздүн айтсам туурасын.


60 жаш, келгениңе кубанам, 

Бата тийсе – дагы жашка уланам.

Эң башкысы – заманаң тынч, эл эсен,

Бала-чакам аман болсун суранам.


Анда эмесе, аман болсун калкыбыз,

Той-маараке, бата-тилек салтыбыз.

Кош келдиңер ак баталуу меймандар,

Эшенкулдун – бүгүн жашы 60! 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
(Видео) Тажиктердин ок жаадырганы... Коргологон Лейлектин тургундары...
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер