Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Анжеликага атаандашкан боюнча Самара да Дубайга учуп кетти
Анжеликага атаандашкан боюнча Самара да Дубайга учуп кетти
12-январь, 23:31


Шоу болбосоң кое кал! Ырчылар бири-бирине эрегишип эле Дубайга эс алууга кетип жатышканы белгилүү болууда. Буга чейин Анжелика чартаңбай тээп жүргөнүн чагылдырып, улам видео, сүрөттөрүн Инстаграмга чаптап аткан. Эми болсо Самара Каримова да Дубайга учуп атканын жар салды. Сыягы, Анжеликага атаандашып, пиар, хайп акциядан кем калбай, жалтыраган жерлердин баарынан сүрөткө түшүп баштайт... Эске салсак, Анжеликанын Инстаграмдагы катталуучулары 1 миллион 600 миңдей болсо, Самараныкы 1 миллион 800 миңден ашык. Экөө бул жааттан ачык тирешпесе да, тымызын атсалышып келатышканын байкайбыз. Натыйжада, Дубайдагы жалтыраган көрүнүштөрдү чагылдыруу, кимиси кооз жерлерге барганы боюнча жарышка түшүшкөндөй эле тытынышат го...
Aryba.kg











