“Эрдогандын түшүн жоруйм” деген Ассоль кыргыз элине олуябы? Апыртма!
“Өрдөк жокто чулдук бий” дегендей, Ассоль Молдокматова деген эски радио алпаруучу азыркы учурда өзүн кыргыздын эң эле көрөгөч, патриот жана улуттун абийири элестетип алды. Ага го айып жок. Ким гана болгон жок акыркы жыйырма жылда. Бирок Инстаграмда аны ээрчиген, ар бир сөзүнө ишенген жаш балдарга жана сабатсыз ишенчээк чоңдорго убал. Жакында Ассоль “Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөштүм, ал кыргызды колдомой болду, орустардан талап кылды, бизге жардам берет” дегенин элдер бөлүшүп, ар жерге илип, бири-бирине сүйүнчүлөшүп, бир сыйра чоң сенсация болду. А бирок Молдокматовадан бир да басма сөз өкүлү “маалыматыңызды кантип далилдейсиз?” деп сурап да койгон жок. Ассолдун айткандарынын көпчүлүгү апыртма. Өзүн өтө улуу, билимдүү жана таасирдүү сезгени менен, анын бир да жерде эч кандай авторитети жок экенин билебиз.
"Азия Ньюс" гезити