Анжелика: “Жалгыз бой энемин, кыздарымдын оокатын талашпа! Акчамды кайтарып бер!”
Ырчы Анжелика ага акча карыз классташынын ысырапчылык менен ифтар өткөргөнүн көрүп, таң калганын айтат:
"Тааныш эжекелерим ысырапчылык менен өткөрүп жаткан дасторконду стористерине тартышыптыр. Албетте, ар ким өз билгениндей конок тосот.
Бирок, "акчам жок, карызыңды азырынча бере албайм, банкротмун" деген баягы мага акча карыз классташымдын ифтар бергенин көрүп, таң калуума чек жок болуп калды. Ыйлап келгенинен ломбарддан алтындарыңды чыгарып берсем, чыгарып, мага "берем" деп, эртеси кайра ломбардка берип алдапсың. Эки жылдан бери күтүп келдим, "20,000 $ акчамды кайтарып бер!" Мен ал акчанын тең жарымына муктаждарга азык-түлүк баштык таратам.
Сага ал акчанын бир тыйынын калтырбайм. Саткынчылык, ичи тарлык жактарынды Аллах үчүн кечиргем. Акчаны берип кой! Сен керек болсо милицияны дагы тоготпогон, адамгерчилигиң калбаган адам болуптурсуң! Бир жагынан чыкпасын. Жалгыз бой энемин, кыздарымдын оокатын талашпа!", - дейт ал.